Январь–февраль айларында Кыргызстанда курулуш продукциясынын көлөмү 23,2%га өстү

Январь–февраль айларында Кыргызстанда курулуш продукциясынын көлөмү 23,2%га өстү

2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстанда курулуш тармагынын жалпы дүң продукциясынын көлөмү 18 млрд 26 млн сомду түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 23,2%га өскөнү статистикалык маалыматтарда айтылат.

Февраль айынын жыйынтыгы боюнча курулуш продукциясынын көлөмү 12 млрд 383,3 млн сомду түздү. Бул өткөн жылдын февраль айына караганда 22,1%га көп.

2026-жылдын январь–февраль айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү салыштырма бааларда 8,4%га өсүп, 17 млрд 851,2 млн сомду түздү.

Февраль айында гана негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 11 млрд 825,8 млн сомго жетип, 2025-жылдын февраль айына салыштырмалуу 4,1%га өстү.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялар:

  • январь айында — 17,9%га,
  • февраль айында — 4,1%га,
  • эки айдын жыйынтыгында — 8,4%га өскөн.

2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу ички булактардан каржыланган инвестициялардын көлөмү 11,5%га көбөйгөн. Анын ичинде:

  • банк кредиттеринин эсебинен — 1,7 эсеге,
  • республикалык бюджеттин эсебинен — 1,3 эсеге,
  • калктын каражаттары жана Кыргызстан резиденттеринин кайрымдуулук жардамы — 12,9%га,
  • ишканалардын жана уюмдардын каражаттары — 4,3%га өскөн.

Ошол эле учурда жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган инвестициялардын көлөмү 22,7%га кыскарган.

Тышкы булактардан каржыланган инвестициялардын көлөмү 26,3%га азайган. Бул негизинен чет өлкөлүк кредиттердин көлөмү 4,4 эсеге кыскарганына байланыштуу болгон. Ошол эле учурда:

  • түз чет өлкөлүк инвестициялар — 1,5 эсеге өскөн,
  • чет өлкөлүк гранттар жана гуманитардык жардам — 2,6 эсеге көбөйгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр “Ала-Арча” жаратылыш паркынан 262,6 млн сом киреше түшкөн

Былтыр “Ала-Арча” жаратылыш паркынан 262,6 млн сом киреше түшкөн

2025-жылы “Ала-Арча” жаратылыш паркына болжол менен 470 миң адам келгенин "Кабар" агенттигине “Ала-Арча” жаратылыш паркынын директору Кубанычбек Жекшенбеков билдирди. Ал белгилегендей, паркка келгендердин саны жогорулап жатат. "2026-жылдын январь айынан бери эсеп жүргүзүлүп келе жатат. Парк жумасына орто эсеп менен 18 миңге жакын конокту кабыл алат. Негизги жыйынтыктар

Чүйдө мыйзамсыз газ сатуу жана экологиялык бузуулар аныкталды

Чүйдө мыйзамсыз газ сатуу жана экологиялык бузуулар аныкталды

Чүй облусунда экологиялык мыйзамдардын сакталышын текшерүү максатында ыкчам рейд жүргүзүлдү. Иш-чара Сокулук районунан Кара-Балта шаарына чейин өтүп, ага тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Сокулук районунда автоцистерналарды мыйзамсыз орнотуу жана суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Коопсуздук

Фучик көчөсүндөгү үйлөр бузулат: тургундарга жаңы батирлер сунушталды

Фучик көчөсүндөгү үйлөр бузулат: тургундарга жаңы батирлер сунушталды

Президенттин тапшырмасынын алкагында Бишкек шаарында Фучик көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн тургундары менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев белгилегендей, аталган имараттар акыркы эки жылдан бери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин көзөмөлүндө болуп, учурда алардын техникалык абалы начарлап, авариялык деп табылган. Жолугушууда тургундарды турак

"Чычкан" постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,