Суу коргоо аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды бузуу улантылып жатат
Шаар мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы билдиргендей, Октябрь райондук прокуратурасынын талаптарын аткаруунун алкагында 12-микрорайондо, Каралаев көчөсү 62/6 дарегинде жайгашкан объектилердин ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Алар: "Ашкана", "Фермерский магазин", "Беш Манты", "Мистер Шаурма" жана "Жираф" кофейнясы. Бул объектилердин айрым бөлүктөрү бузулат.
Түшүндүрүү иштеринен кийин менчик ээлери объектилерин өз ыктыяры менен бузууга киришишти. Учурда кошумча курулуштардын 250 метр узундуктан ашуун бөлүгү демонтаждалып жатат.


Буга чейин Аламедин дарыясы үстүндө муниципалдык жерге тиешелүү уруксат документтерисиз курулган "Ориенталь" кафесинин кошумча имараты бузулган. Анын өлчөмү туурасы 9 метр, узундугу 27 метрди түзгөн.