Италияда Бенито Муссолиниге тиешелүү вилла 1,2 млн долларга сатылып алынды
Италияда Бенито Муссолиниге тиешелүү болгон мурдагы жайкы резиденция “Вилла Муссолини” муниципалитет тарабынан 1,2 млн еврого сатып алынды.
Римини провинциясына караштуу Риччоне шаарынын бийлиги бул имаратты коомдук менчикке өткөрдү. 1890-жылы Адриатика жээгинде курулган вилла курорттук архитектура стилинде салынган. 1934-жылдан тартып ал Муссолининин жайкы резиденциясы катары колдонулуп келген.
Муниципалитет бул имаратты шаардын тарыхый мурасы жана анын өзгөчөлүгүн чагылдырган маанилүү объект катары карайт.
Акыркы жылдары вилла көргөзмө аянтчасы катары колдонулуп келген. Маданият департаменти билдиргендей, бул жерде фотокөргөзмөлөр уюштурулуп, келечекте тарыхый архивдерди жайгаштыруу пландалууда.
Муниципалитет имараттын мурда эле бекемделип калган “Вилла Муссолини” аталышын сактап калууну чечти.