"Жыргалаң" курортунун жер тилкелеринин аукциону 8-апрелде башталат

"Жыргалаң" курортунун жер тилкелеринин аукциону 8-апрелде башталат

Ысык-Көл облусундагы "Ала-Тоо Резорт" ири курорттук зонасындагы жер тилкелерин сатуу боюнча экинчи аукцион өтөрүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аукциондогу сатуулар 8-10-апрелде өткөрүлүп, күнүнө 12ден лот коюлат. Аукционго "Жыргалаң" курортунун курулуш зонасында туристтик жана инфраструктуралык объектилерди камтыган 36 лот бар. Бул тилкелерде 3, 4 жана 5 жылдыздуу мейманкана, апартамент, этношаарча, ресторан, кафе жана башка коммерциялык объектилер курулат.

Аукционго катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди бериши керек:
• аукционго катышуу үчүн билдирме (анда чет өлкөлүк жарандыгы же уставдык капиталда чет өлкөлүк катышуусу бар экендиги жөнүндө маалымат көрсөтүлөт);
• портал тарабынан берилген кодго ылайык кепилдик төгүмүн (взнос) төлөө;
• өздүгүн тастыктоочу документ (билдирме берген учурда жеке көрсөтүлөт).

Юридикалык жактар кошумча белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн, юридикалык жактын атынан иш алып барууга ыйгарым укуктуу өкүлгө ишеним кат бериши керек.

Эгерде билдирмени талапкердин өкүлү берсе, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним катты көрсөтүү зарыл.

Документтер санариптик форматта же башка мамлекеттик органдардан алуу мүмкүнчүлүгү болсо, "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу берилиши мүмкүн.

Жер тилкесин өздөштүрүү шарттарына жана улуттук инвестициялык долбоордун же мамлекеттик маанидеги долбоордун өзгөчөлүгүнө жараша, комиссия инвестордун финансылык абалын, долбоордун туруктуулугун, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасын, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок экендигин тастыктаган кошумча документтерди, ошондой эле техникалык-экономикалык негиздемени же бизнес-планды талап кылууга укуктуу.

Кошумчалай кетсек, эгерде электрондук аукциондун катышуучусу жеңүүчү деп таанылбаса же аукцион өтпөй калды деп эсептелсе, кепилдик төгүмү сатуунун жыйынтыгы чыгарылган күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде кайтарылып берилет.

Эгер аукционго катышуу үчүн бир дагы билдирме түшпөсө, бир дагы талапкер аукционго катышууга киргизилбесе, аукционго катышууга бир гана талапкер киргизилсе, аукционго киргизилген талапкерлердин бири дагы ага катышпаса, аукционго бир гана катышуучу катталса комиссия аукционду өткөн жок деп табат.

Объект үчүн эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп таанылат. Жеңүүчүгө кепилдик төгүмү кайтарылбайт жана ал сатып алынган мүлктүн төлөмүнүн эсебине чегерилет. Эгерде жеңүүчү жер тилкесинин сатып алуу баасын төлөөдөн баш тартса, кепилдик төгүмү кайтарылып берилбейт.
Белгиленгендей, 2025-жылдын июль айында өткөн аукциондо 49 лоттун ичинен 14 лот боюнча жеңүүчүлөр аныкталган. Алардын катарында 5 жылдыздуу мейманкана, скандинавия стилиндеги отелдер, VIP-коттедж жана этношаарчадагы үйлөр сыяктуу негизги объектилер бар. Алардын баарын жергиликтүү инвесторлор сатып алышкан.

Курорттун курулушун баштоо үчүн объектилердин чек аралары такталган. Инвесторлорго жер тилкелеринин документтери берилип, бир катар объектилердин курулушу башталды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда  жалпы 95 миңден  ашык айыл чарба техникасы бар

Кыргызстанда жалпы 95 миңден ашык айыл чарба техникасы бар

Айыл чарба министрлигинин акыркы маалыматтарына таянсак, республика боюнча бүгүнкү күндө 95 миңден ашык айыл чарба техникалары бар. Анын ичинен тракторлор 22 389 даана, соколор 11 544 даана, үрөн сепкичтер 3 468, малалар 15 467 даана, жер семирткич чачкычтар 822 даана, арык казгычтар 1 731 даана, жер тегиздегичтер 2023 даана, трактор

Ош мэри "Алай" футболдук клубуна автобус тапшырды

Ош мэри "Алай" футболдук клубуна автобус тапшырды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Алай” футболдук клубуна жаңы автобус тапшырганын Ош мэриясы билдирди. Маалыматта белгиленгендей, буга чейин аталган клубда транспорт муктаждыгы болуп, оюнчуларды ташууда кыйынчылыктар жаралып келген. "Бул демилге спортту өнүктүрүүгө жана футболчуларга жакшы шарттарды камсыздоо максатында ишке ашырылды",-деп айтылат маалыматта.

Кемин районунун башкаруу органдарынын бюджеттеринде финансылык бузуулар аныкталды

Кемин районунун башкаруу органдарынын бюджеттеринде финансылык бузуулар аныкталды

КРнын Эсептөө палатасынын 2025-жылга карата аудитордук иш-планына ылайык, Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүм тарабынан Кемин районунда 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил үчүн аудит жүргүзүлдү. Аудиттин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерин түзүү жана аткаруу, республикалык бюджеттен каржыланган айрым мекемелердин бюджеттери, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгү

Өлкөдө 534төн ашык жеке жана 6 мамлекеттик балык чарба бар

Өлкөдө 534төн ашык жеке жана 6 мамлекеттик балык чарба бар

Кыргызстанда жалпысынан 540тан ашык балык чарбасы катталганын Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, аталган балык чарбалары ветеринардык-санитардык нормаларга дал келип, талаптар менен ченемдерге ылайык салынган. "Бүгүнкү күндө балык чарбасы айыл чарба тармагынын приоритеттүү багыттарынын бири