Бишкекте жер мунапысы боюнча 37 арыз каралды
Бишкекте жер мунапысынын алкагында иштер үзгүлтүксүз улантылып жатканын мэриядан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча иштерди жүргүзүүдө.


Комиссия тарабынан 37 материал каралып, ар бири боюнча тиешелүү чечим кабыл алды.