Кыргызстанда жетимдерге 88 жер тилкеси, 9 турак жай берилген

Кыргызстанда жетимдерге 88 жер тилкеси, 9 турак жай берилген

Кыргызстанда жетим балдардын олуттуу бөлүгү мыйзам талаптарына карабастан турак жайсыз калып жатканын Салтанат Аманова 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Турак жай кодексине ылайык, 16 жаштан 23 жашка чейинки жетимдер турак жай же жер тилкелери менен камсыз болушу керек. Бирок иш жүзүндө бул нормалар жетиштүү деңгээлде аткарылбай жатат.
"Биздин маалымат боюнча, жетимдердин аз гана бөлүгү турак жай алган, калгандары иш жүзүндө баш калкалоочу жайсыз калып жатат", — деди ал.

Эмгек министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов билдиргендей, өлкөдө 3367 жетим бала бар. Ошол эле учурда "Келечекке салым" аттуу президенттик жарлык иштеп жатат, ага ылайык 18 жашка чыкканда 500 миң сом төлөнүп берилет. Бул каражатты турак жайга, билим алууга же саламаттыкка жумшоого болот.
Башкы прокурор Максат Асаналиев билдиргендей, прокуратуранын катышуусу менен жетимдерге 88 жер тилкеси жана 9 турак жай берилген. 2025-жылы 116 текшерүү жүргүзүлүп, 289 мыйзам бузуу аныкталган, 114 чара көрүү актысы киргизилген, 2 кылмыш иши козголуп8 доо арыз сотко берилген.

Депутат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдардын аткарылышын күчөтүүгө чакырып, көптөгөн жетимдер аялуу абалда калып, кылмыштуулук жана зомбулук коркунучуна туш болуп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте рейд учурунда 30дан ашык унаа айып короого жеткирилди

Бишкекте рейд учурунда 30дан ашык унаа айып короого жеткирилди

Бүгүн саат 06:00дөн 09:00гө чейин Бишкек шаарында туура эмес токтотулган унааларды аныктоо жана тартипке келтирүү максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш-чарага шаар мэриясынын төрт административдик районунун өкүлдөрү, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти, Жол кайгуул кызматы, Муниципалдык инспекция жана “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасынын эвакуатор

Тоо текени, эликти мыйзамсыз атууга айып пул жогорулатылды

Тоо текени, эликти мыйзамсыз атууга айып пул жогорулатылды

Кыргызстанда жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыян үчүн айып пулдардын өлчөмү жаңыртылды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Өкмөттүн "Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумия камтыган минералдык чийки затка жана козу карындарга юридикалык жана жеке жактар тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмдөрүн эсептөө боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтомуна

Президент асыл тукум мал чарбачылыгы жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент асыл тукум мал чарбачылыгы жөнүндө мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасында мал чарбасындагы асыл тукум иши жөнүндө" мыйзамына кол коюлганын президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирди. Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 4-мартында кабыл алынган. Мыйзамды кабыл алуунун негизги максаты — асыл тукум мал чарбасын мындан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана ушул тармактагы мыйзамдарды өркүндөтүү

Кыргызстандыктарга жалпы 64,5 млн сом суммасында 176 унаа кепилдиги берилди

Кыргызстандыктарга жалпы 64,5 млн сом суммасында 176 унаа кепилдиги берилди

“Унаа” кепилдик продуктусу ишке киргизилгенден бери жарандар бул механизмди автокредиттерди алууда активдүү колдонуп жатканын “Кепилдик фонд” ААКсынан билдиришти. Фонддун маалыматы боюнча, “Унаа” кепилдиги 2025-жылдын август айында ишке киргизилип, кыска убакыттын ичинде жогорку суроо-талапка ээ экенин көрсөттү. 2025-жылы бул продуктунун алкагында 57,1 млн сом суммасында 154 кепилдик берилген. Ал эми