Парижде Эйфел мунарасынын фрагменти 176 миң долларга чейин бааланды
Эйфел мунарасынын оригиналдуу тепкичинин бир бөлүгү Парижде аукционго коюларын The New York Times маалымдайт.
Бул фрагмент мунаранын экинчи деңгээлинен чокуга чыгууга мүмкүндүк берген винт сымал тепкичтин бир бөлүгү болгон. 1983-жылы бул конструкция демонтаждалып, 24 бөлүккө бөлүнгөн, алардын 20сы мурда аукциондордо сатылган деп жазат гезит.
Бул бөлүк аукцион үйү тарабынан сатыкка коюлган акыркы фрагмент болуп саналат. 2016-жылы ушундай бөлүктөрдүн бири аукциондо рекорддук 611 миң долларга сатылган.
Artcurial бул жолу да рекорд жаңыланышы мүмкүн деп үмүттөнөт. Лоттун баштапкы баасы 146 миңден 176 миң долларга чейин деп бааланууда.
Учурда бул фрагмент 1983-жылы аны сатып алган француз ишкерине таандык.
Эйфел мунарасы инженер Гюстав Эйфель тарабынан долбоорлонуп, 1889-жылы дүйнөлүк көргөзмө үчүн курулган.