Жаш Гвардия, Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги 64 объект бузулат

Жаш Гвардия, Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги 64 объект бузулат

Жаш Гвардия проспекти менен Лев Толстой көчөсү кесилишинде заманбап эстакадалык көпүрөнү камтыган транспорттук жол айрыгын куруу пландалып жатканын мэрия билдирди. Жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгында 64 объект бузулары аныкталган.

Бул объектилердин арасында жеке менчикке таандык жерлер да, ошондой эле убактылуу пайдаланууга берилген муниципалдык объектилер да бар.

Мындан тышкары, айрым объектилер Ала-Арча дарыясынын суу коргоо аймагында жайгашкан.

Мэрия белгилегендей, чарбалык субъекттердин ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жана тиешелүү билдирүүлөр берилген. Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан келишимдери мыйзамдуу түрдө токтотулган объектилерди демонтаждоо иштери башталды.

Шаар тургундары шаарды өнүктүрүүгө багытталган бул иштерге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырылды. Белгиленгендей, мамлекеттик актылары бар жер тилкелеринин ээлерине альтернативдүү жер тилкелери же тиешелүү акчалай компенсация сунушталып жатат.

Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын биринчи чейрегинде жолдорду реконструкциялоо программасынын алкагында 246 жеңил типтеги объект жана 152 капиталдык курулуш бузулган.

Мындан тышкары окуңуз

Парижде Эйфел мунарасынын фрагменти 176 миң долларга чейин бааланды

Парижде Эйфел мунарасынын фрагменти 176 миң долларга чейин бааланды

Эйфел мунарасынын оригиналдуу тепкичинин бир бөлүгү Парижде аукционго коюларын  The New York Times маалымдайт. Бул фрагмент мунаранын экинчи деңгээлинен чокуга чыгууга мүмкүндүк берген винт сымал тепкичтин бир бөлүгү болгон. 1983-жылы бул конструкция демонтаждалып, 24 бөлүккө бөлүнгөн, алардын 20сы мурда аукциондордо сатылган деп жазат гезит. Бул бөлүк аукцион үйү тарабынан сатыкка

КРнын Турукташтыруу фондунун эсебинен Ош шаарында 10 мектеп салына баштады

КРнын Турукташтыруу фондунун эсебинен Ош шаарында 10 мектеп салына баштады

Бүгүн Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун эсебинен 10 жаңы орто мектептин курулушу башталды. Бул маанилүү ишчарага жергиликтүү эл, башкаруу бийлигинин өкүлдөр жана Президент Садыр Жапаровдун катышышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Белгилүү болгондой, 10 мектеп Турукташтыруу фондунун эсебинен курулса, мындан тышкары дагы 5 мектеп республикалык

УКМК 10 миң доллар алдоого шектелген адвокатты кармады

УКМК 10 миң доллар алдоого шектелген адвокатты кармады

Атайын кызматтан билдиришкендей, жактоочу А.М.Р. жаран М.У.М.нын ишенимине кирип, анын камактагы атасы А.М.М.га карата козголгон кылмыш ишин токтотуп, абактан бошотууга көмөктөшүүнү убада кылган. Бул кызматы үчүн ал 15 миң доллар жана 200 миң сом өлчөмүндөгү каражатты алган. Бирок жактоочу өзүнө алган милдеттенмелерин

Президент Ош облусун 15-апрелге чейин кыдырат

Президент Ош облусун 15-апрелге чейин кыдырат

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош облусуна барганын мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасына жазды. Жапаров сапардын алкагында бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин иши, инфратүзүмдүк долбоорлордун, анын ичинде билим берүү жана медициналык мекемелердин курулушунун, жол тармагын өнүктүрүүнүн, ошондой эле аймакты көрктөндүрүүнүн жүрүшү менен таанышат.