Турак жай салыктарын автоматтык түрдө эсептөө системасы киргизилди

Турак жай салыктарын автоматтык түрдө эсептөө системасы киргизилди

Марттан тарта өлкөдө мамлекеттик кадастр кызматынын маалыматтарына негизделген салыктарды автоматтык эсептөө системасы киргизилди. Бул кызмат жарандар үчүн салык төлөөнү жеңилдетүүгө, адам факторун азайтууга жана тең шарттарды камсыздоого багытталган.

Салык кызматынын карыздарды өндүрүүнү көзөмөлдөө жана жергиликтүү салыктар башкармалыгынын башчысы Туратбек Күлчороев билдиргендей, буга чейин мүлк ээлери салыктын суммасын өз алдынча эсептеп келген.

“Турак эмес мүлккө салык квартал сайын, ал эми турак жай үчүн жылына бир жолу төлөнөт. Мурда эсептөө үчүн жарандар мамлекеттик актыларды же техникалык паспортторду алып келип, бул процесс 3-4 саатка чейин убакыт алчу. Эми болсо салык автоматтык түрдө эсептелет. Бирок кадастрдык маалыматтар ар дайым так боло бербегендиктен айрым көйгөйлөр жаралууда”,- деди ал.

Анын айтымында, мунун негизги себептери төмөнкүлөр:

  • экономикалык активдүүлүктүн жогору болушу (ишмердүүлүктүн тез-тез өзгөрүшү, курулуштар);
  • айрым жарандардын маалыматтарын тактабаганы;
  • мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтардагы дал келбестиктер (аянты же багыты боюнча талаш маселелер);
  • айрым объекттер көчөлөрдүн кесилишинде жайгашып, система эки башка дарек катары көрсөтүп коюшу;
  • мүлктөр башка адамдардын атына катталып калышы.

Күлчороев белгилегендей, маалыматтарды тактоо жана системаны туура иштетүү үчүн Мамлекеттик салык кызматы, "Салык Сервис" жана "Кадастр" мамлекеттик мекемелеринин ортосунда атайын жумушчу топ түзүлүп, күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Салык кызматы жарандарды жеке кабинет аркылуу эсептелген суммаларды текшерүүгө чакырат. Эгер талаш маселелер жаралса, 0221 000 116 номери аркылуу кайрылууга болот. Кайрылуулар саат 09:00дөн 18:00гө чейин, дем алыш күндөрүнөн тышкары кабыл алынат.

Мындан тышкары окуңуз

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда андан ары сатуу максатында сакталган 7 миң 540 куту тамеки табылган. Алардын жалпы баасы болжол менен 1 млн сомду түзөт. Аталган факт боюнча

ЖК комитети "Баатыр энелердин" балдарына жеңилдик берүү долбоорун жактырды

ЖК комитети "Баатыр энелердин" балдарына жеңилдик берүү долбоорун жактырды

13-апрелде Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдө жеңилдиктерди берүү тууралуу токтом долбоору каралып, жактырылды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Медер Чотонов билдиргендей, документтин максаты энелердин өзгөчө эмгегин таануу, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

16-апрелде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өсүмдүктөрдү карантиндөө жана коргоо тармагындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин үчүнчү жыйыны өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чара Кыргыз Республикасынын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү

"Келечек" базарындагы ишкер президент С.Жапаровго коррупция боюнча даттанды

"Келечек" базарындагы ишкер президент С.Жапаровго коррупция боюнча даттанды

Ишкер айым Мээрим Ош шаарындагы "Келечек" базарын көчүрүү маселесин көзөмөлгө алууну Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдон суранды. Анын айтымында, сырттан жардам болбосо, "Келечек" базары коррупцияга батып, бул абалдан чыга албай жатат. Ал түшүндүргөндөй, базарды көчүрүү тууралуу сөз болгондо соодагерлер биригип ассоциация түзүшкөн. Бирок азыр бул ассоциациянын башчысы