2020-жылы Кыргызстан сырттан 600 млн доллардан ашык каржылык жардам алды

2020-жылы Кыргызстан сырттан 600 млн доллардан ашык каржылык жардам алды

2020-жылдагы COVID-19 пандемиясы жана ага байланыштуу киргизилген карантиндик чаралар Кыргызстандын экономикасы үчүн эң олуттуу сыноолордун бири болуп калды. Анда Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен КР эң катуу соккуга дуушар болду.

Экономиканын дээрлик бардык тармактары жабыркады. Эксперттер экономиканын пандемияга чейинки калыбына кайра келүүсү 2023-жылга чейин созулаарын айтышкан эле.

Экономикалык көрсөткүчтөр кандай өзгөрдү?

Пандемия 2020-жылы өндүрүштүн төмөндөшүнө, жумуш орундарынын олуттуу кыскарышына жана жакырчылыктын өсүшүнө алып келди. Экспортто, алтын казып алууда, өнөр жайда, туризмде, транспортто жана курулушта олуттуу кыскаруу байкалды, бул өз кезегинде ИДПнын 8.6% өлчөмүндө терс өсүшүнө алып келди. Экономикалык көрсөткүчтөр минустан 1.5 жылдан кийин гана чыгып, бир аз өсүш көрсөтө баштады.

Ошондой эле импорттолгон азык-түлүк товарларынын баасынын өсүшү жана алмашуу курсунун чоң секириктери инфляциянын 9.7%га өсүшүнө алып келди. Ал эми 2020-жылга чейин ал 3%дан бир аз ашыгыраак болчу.

Экономикалык кыйынчылыктар 2019-жылы 5.5% өлчөмүндө катталган жумушсуздуктун 5.8%га өсүшүнө алып келди. Бул кыргыз элинин жашоо деңгээлине таасирин тийгизбей койгон жок. Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча жакырчылыктын деңгээли 20%дан 31%га чейин өстү, жыл жыйынтыгы боюнча 365.5 миңге жакын жаран жакырчылыктын чегинен ылдыйлады.

Мындан да жаман болушу мүмкүн эле

Мындай көрсөткүчтөр өлкө эгемендүүлүк алгандан бери байкала элек болчу жана 2020-жыл соңку 30 жылдагы эң начар жыл болду деген ырастоолорго карабастан, көрүнүш мындан да начар болушу мүмкүн эле.

Мындан дагы терс кесепеттерге жол бербөө үчүн Министрлер кабинети экономиканы жандандыруу жана ишкерлерди колдоо боюнча антикризистик чараларды иштеп чыкты. Ар кайсы тармакта иштеген ишкерлерге жеңилдетилген насыялар үчүн каражаттар бөлүндү.

Эл аралык валюта фондунун баяндамасында «кыргыз бийлиги калктын саламаттыгын сактоо жана экономикага тийгизген таасирин азайтуу үчүн ыкчам чара көрдү» деп айтылат.

Кризистин таасирин жумшартуу боюнча өкмөттүн чаралары саламаттыкты сактоого кошумча чыгымдарды, азык-түлүк коопсуздук программасын, салыктык төлөмдөрдү убактылуу жылдырууну, ошондой эле чакан жана орто ишканалар үчүн кредиттерди субсидиялоону, банктардын ликвиддүүлүгүн колдоону, кредиттерди төлөөнү кийинкиге калтырууну камтыган эле.

Кыргызстан кандай жардам алды?

Мунун баарын ишке ашырууга эл аралык донорлордун каржылык колдоосу көбүрөөк жардам берди. Гранттар жана кредиттер бул жардамдын негизги үлүшү болду жана ал 607 млн долларга жетип, жалпы тышкы жардамдын 84%ын түздү.

Анын 22%ы, тагыраак айтканда, 135.2 млн доллары грант, калган 78%ы же 471.8 млн доллары кредит түрүндө берилген.

Жардамдын эң көп көлөмү – 241.9 млн доллар же бардык кредиттердин жана гранттардын 40%ы Эл аралык валюта фондунан түшкөн. Ошол эле учурда Кыргызстан коронавирус пандемиясынан чыгуу үчүн ЭВФтин жардамын алган биринчи өлкө болгон. КРдан суроо-талап түшкөн күндөн тартып, бир нече күндүн ичинде кредит түрүндөгү акча түзмө-түз бөлүнгөн.

Ошондой эле жардам башка донорлордон да алынган. Азия өнүктүрүү банкы КРга 150 млн доллар бөлсө, анын 45.7 млн доллары грант болуп саналат. Дүйнөлүк банктан 71.2 млн доллар алынган, бул каржылык жардамдын жарымы кайтарымсыз негизде келген. КРнын жаңы донору болгон Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы чакан жана орто бизнести колдоо үчүн 50 млн доллар насыя берген. Ошондой эле Евробиримдик менен Россия да грант түрүндө тиешелүүлүгүнө жараша 33.9 млн доллар жана 20 млн доллардан жардам көрсөтүшкөн.

Мындан тышкары, ишкердикти колдоо программаларын каржылоого 36.9 млн долларга жакын суммадагы каражаттар да жумшалган. Ал Япониянын, Дүйнөлүк банктын жана Германиянын Кыргызстандын өкмөтү менен биргеликте башкарылган гранттык каражаттары болгон.

Албетте, 2020-жылы чет мамлекеттер жана эл аралык донорлор Кыргызстанга кредиттер жана гранттар менен эле эмес, жеке коргонуу каражаттары, дары-дармектер, медициналык жабдуу сыяктуу жана башка кайтарымсыз жардамдарды беришти.

Мындан тышкары окуңуз

Курултай делегаты Кочкордогу Чоң-Туз шахтасын жергиликтүү бийликке  өткөрүүнү суранды

Курултай делегаты Кочкордогу Чоң-Туз шахтасын жергиликтүү бийликке  өткөрүүнү суранды

Кочкор районунан келген делегат Соңкөлбек Касиев IV Элдик курултай учурунда Чоң туз шахтасын жергиликтүү бийликке өткөрүп берүүнү суранды. “Кочкор районунда Туз айылында Чоң туз шахтасы бар. Совет убагында ал жерде чоң санаторий иштеп, дүйнөнүн бардык тарабынан адамдар келип дарыланышчу эле. Азыр ал жеке менчикке өтүп кетип, абалы абдан начарлады. Биз

Жалал-Абад облусунда 8 социалдык жана өндүрүштүк объект ишке берилди

Жалал-Абад облусунда 8 социалдык жана өндүрүштүк объект ишке берилди

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусу менен Жалал-Абад облусунда 8 социалдык жана өндүрүш багытындагы объект расмий түрдө ачылды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аталган иш-чара IV Элдик куралтайдын алкагында өткөрүлдү. Социалдык объекттердин ичинен: * Чаткал районунда – А. Чымканаев атындагы жалпы билим берүүчү мектеп, Ак-Таш айылындагы спорт зал жана Мырзалиев атындагы жалпы билим

"Ош сити" долбооруна кытайлык инвесторлор 200 млн доллар инвестиция салган

"Ош сити" долбооруна кытайлык инвесторлор 200 млн доллар инвестиция салган

Ош шаарына чет элдик инвесторлор чоң ишеним көрсөтүп, ири инвестициялар тартылып жатканын Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, 2026-жылы калаада бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашат. “Кийинки жылдын жаз айында кытайлык инвесторлор таштандыларды кайра иштетүүчү заманбап завод куруу иштерин баштайт. Бул экологиялык абалды

Баткендин Пидап аймагында газдын кору изилденет

Баткендин Пидап аймагында газдын кору изилденет

Баткендин Пидап участкасындагы газдын кору изилденерин Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.  Маалыматка ылайык, президенттин өкүлү Айбек Шаменов Кадамжай районунудагы Пидап участкасындагы пайдаланылбай турган газ скважиналары жайгашкан аймакка барган.  Ал жеринде район акими Болот Баяке уулуна аймакта газдын запасын аныктоо боюнча иш чараларды жүргүзүү, тийиштүү министрликтерге изилдөө жүргүзүү боюнча сунуш каттарды жиберүүнү,