Эмне үчүн март айында азык-түлүктүн баасы кымбаттап кетти? Себептери менен кесепеттерин талдоо

Эмне үчүн март айында азык-түлүктүн баасы кымбаттап кетти? Себептери менен кесепеттерин талдоо

Үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстанда азык-түлүк жана эл керектөөчү товарлардын баасы кескин көтөрүлүп кетти. Бул ар кандай себептерден улам болду, бирок анын негизги себептеринин бири доллардын курсунун секириктери болду.

Монополияга каршы мамлекеттик орган продукциянын кымбатташынын себептери боюнча баяндама даярдап, ал кырдаалды турукташтырууга мүмкүндүк берген негизги факторлорду жана кандай аракеттер көрүлгөнүн билдирди.

Эмне кымбаттады жана эмне үчүн?

Март айында Монополияга каршы мамлекеттик орган тарабынан кант, өсүмдүк майы, ун, нан, минералдык жер семирткичтер жана күйүүчү-майлоочу майлар сыяктуу социалдык маанилүү товарлардын бааларынын көтөрүлгөнү катталган.

Самын буюмдары, кеңсе кагазы, курулуш материалдары сыяктуу башка товарлардын баасы да жогорулады. Бирок Монополияга каршы мамлекеттик орган атаандаштык рыногун жөнгө салбайт жана бул жерде баалар рыноктук принциптердин негизинде түзүлөт. Ошол эле учурда баалардын көтөрүлүшүнүн себептери социалдык маанилүү товарлар менен бирдей болгон.

Баалардын көтөрүлгөнүнүн негизги себептери:
  • Олку-солку болгон валюта курсу
  • Кыргызстандын товар өндүрүүчү өлкөлөргө – Россияга, Казакстанга, Беларусияга импорттук көз карандылыгы. Социалдык мааниге ээ товарлардын айрым түрлөрү боюнча импорттук көз карандылык 75% же андан көп экендигин белгилей кетүү керек.
  • Сатып алынган өлкөлөрдөгү өндүрүүчүлөр тарабынан дүң сатуу бааларынын жогорулашы.
  • Даяр продукцияны да, чийки затты да экспорттогон өлкөлөрдүн товарларды сыртка чыгарууга тыюу салуусу.
  • Логистиканын наркынын өсүшү.
Доллардын наркынын көтөрүлгөнүнүн таасири

Монополияга каршы мамлекеттик орган белгилегендей, АКШ долларынын кымбатташы – айрым азык-түлүк товарларынын баасынын өсүшүнө таасир эткен жалгыз фактор болгон жок.

Мекеменин айтымында, 2021-жылы кээ бир азык-түлүк товарларына баалардын байкалаарлык өсүшү аны экспортко чыгарган өлкөлөрдө кант кызылчасынын, май өсүмдүктөрүнүн жана башка өсүмдүктөрдүн түшүмүнүн начардыгынан жана пандемиядан улам жеткирүү чынжырындагы үзгүлтүккө байланыштуу болгон.

Күйүүчү майдын кымбатташынын күчтүү таасири

Азык-түлүктүн кымбатташынын олуттуу фактору КММнын баасынын көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу болгон.

2021-жылдын башынан бери КРнын ички рыногунда бензиндин чекене баасы 80%га, дизелдик отундуку 75%дан ашык өскөн.

Буга россиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдор тарабынан дүң баанын 100%дан ашык жогорулашы себеп болууда.

Сатуу баасынын өсүшү

Баалардын өсүшү ошондой эле продукцияны өндүргөн өлкөлөрдөгү баанын көтөрүлгөнүнө да байланыштуу. Монополияга каршы мамлекеттик орган товардын ар бир партиясына баа 5%дан 20%га чейин кошулаарын, бул АКШ долларынын курсунун төмөндөө тенденциясы болгон кезде деле бааларды кайра карап чыгууга мүмкүндүк бербей тургандыгын билдирди.

Бийлик бааны кантип турукташтырат

Кыргызстанда азык-түлүккө бааларды турукташтыруу үчүн бааларды мамлекеттик жөнгө салуу, ошондой эле айрым товарлардын импортуна жана экспортуна тыюу салууларды, чектөөлөрдү жана экспорттук алымдарды киргизүү сыяктуу чаралар көрүлөөрүн Монополияга каршы мамлекеттик орган кошумчалайт.

Учурда бааны кармоого жана турукташтырууга бир катар товарларга (кант жана өсүмдүк майы) импортко 0%дык КНСтин ставкасын киргизүү көмөктөшүүдө.

Өсүмдүк майынын литринин 130 сомдон белгиленген баасы менен ички рынокто товардык интервенция да ажиотаждын азайышына түрткү болду.

Ун, кант өндүрүүчүлөр, ошондой эле базарлардын администрациялары жана соодагерлер менен иш жүргүзүлдү. Бул иштин жүрүшүндө 3.5 миңден ашык субъекттер камтылган, 34 соода түйүндөрү, импорттоочулар жана жеткирүүчүлөр менен жумушчу жолугушуулар өткөрүлгөн.

Монополияга каршы жөнгө салуу органы менен төмөндөгүдөй иштер жүргүзүлгөн:

  • Кумшекер өндүргөн жана тараткан – «Кайыңды Кант» ААК, «Кошой» ААК жана соода түйүндөрү менен кызматташуу боюнча келишимдин алкагында чекене соода түйүндөрү менен кумшекерди эсептик карталар аркылуу сатуу боюнча келишим түзүлдү. Бүгүнкү күндө кумшекер 60 сомдон, базар баасында 78 сомдон сатылууда.
  • Экономика министрлиги менен бирдикте ун чыгаруучу ишканалар менен базарды сапаттуу буудай уну жана жеткиликтүү баада малдын жеми менен толтуруу боюнча келишимдер түзүлдү. Ун комбинаттары республиканы ун менен камсыз кылуу жана ун менен нандын баасын ооздуктоо боюнча да бир катар милдеттенмелерди алышты — бул келишимдер үстүбүздөгү жылдын августуна чейин иштейт.
  • Өсүмдүк майын, ун, кантты сатуу боюнча жарманкелер уюштурулган. Жарманкелерде жергиликтүү ундун биринчи сорту 50 кг 1650 сомдон, кумшекер 70-72 сомдон, өсүмдүк майынын 5 литри 720 сомдон сатылууда.
  • Ири соода объектилеринде (соода түйүндөрүндө, дүкөндөрдө, дүң жана чекене базарларда) дайыма түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, социалдык маанидеги товарларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол берилбестиги жөнүндө түшүндүрүү иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Апрель айына карата кырдаал

Апрель айында социалдык маанилүү товарларга баалардын мониторинги баалардын турукташканын, ошондой эле 2022-жылдын март айына салыштырмалуу баалардын кескин өспөгөнүн көрсөтүп турганын Монополияга каршы мамлекеттик агенттиги белгиледи.

Ошондой эле мекеме бүгүнкү күндө Кыргызстанда социалдык маанидеги товарлардын баасы ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана коңшу мамлекеттерге караганда төмөн, бул аткарылган иштердин алкагында жетишилген оң натыйжадан кабар берет деп эсептейт.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

10-майдан 12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Айрыкча тоолуу жана тоо

Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө

Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө

Бүгүн Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, Өчпөс отко гүлчамбар койду. Ошондой эле мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, алардын элесине таазим кылды. Өлкө башчы согуштун жана ооруктун ардагерлерин, ошондой эле жалпы кыргызстандыктарды 9-Май

Ошто №4 мектеп-гимназиясына кошумча окуу имараты курулат

Ошто №4 мектеп-гимназиясына кошумча окуу имараты курулат

Күн мурун Ош шаарындагы №4 С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясы үчүн 200 орундуу кошумча окуу имаратынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Мэриядан билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин депутаттары, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мугалимдер жана ата-энелер катышты. Жаңы окуу корпусу окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө жана

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Бүгүн суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.