Кыргызстан эмнеге жумушчу күчүн экспорттоого кызыкдар? – экономика мигранттардын акчасынан көз каранды

Кыргызстан эмнеге жумушчу күчүн экспорттоого кызыкдар? – экономика мигранттардын акчасынан көз каранды

Акыркы убакта кыргыз бийлиги өлкөдөгү жумушчу күчтү экспорттоого кызыкдар экенин көрсөтүүдө. Буга мамлекеттик органдар жана чет өлкөлөрдөгү элчиликтердин такай жүргүзгөн аракеттери далил болууда.

Мамлекет жумушчу орундары менен камсыз кылууга күчү жетпесин мойнуна алган сыяктуу. Февраль айында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жыйын өткөрүп, анда эмгек мигранттарын уюшкандык менен ишке орноштурууга мамлекеттик органдардын ишин координациялоону күчөтүү тууралуу маселени көтөргөн болчу.

«Жакынкы жылдары бизде жаштардын эсебинен жумушчу күчүнүн арбын болушу күтүлөт. Алардын чет өлкөдөн жакшы маяналуу жумушка орношуусу үчүн активдүү аракеттерди көрөбүз. Алар анда экономиканы өнүктүрүү жана ага инвестиция салуу үчүн талап кылынган көндүмдөрдү да ала алышат», – деген Байсалов.

Кыргыз бийлиги мигранттарды чет өлкөгө кара жумушка түртүүдө

Англия. Мисалы, КРнын жарандарына Улуу Британиянын айыл чарба тармагында иштеп келүүгө 1000 квота бөлүндү. Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбековдун айтымында, 16-мартта Улуу Британиядагы AgriHR компаниясы менен келишим түзүлгөн. Ага ылайык, жарандар 6 айга чейин айыл чарба жумуштарында иштей алышат.

Корея. Ал эми КРнын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Чхунчхон-Намдо провинциясынын айыл чарба саясаты боюнча директору Ким Деок Хван жетектеген делегация менен жолугушуп, КРнын жарандарын сезондук айыл чарба иштерине тартуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Ошондой эле элчиликтин дагы бир макулдашууларына ылайык, Корея КРнын 70 жаранын пияз, кулпунай, алма жана козу карын өстүрүү сыяктуу сезондук айыл чарба иштерине тартат.

КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору март айында өткөргөн жыйында Корея Кыргызстандын жарандарын ишке алуу квоталарын миңден 1800гө көбөйткөнүн айтты.

Германия. Ал эми КРнын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев дагы 12-апрелде Нюрнберг шаарында Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттигинин эл аралык бөлүмүнүн башчысы Маркус Бирхер менен жолугушуп, анда элчи кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселелерин талкуулаган.

Венгрия. Ошондой эле Экономика министри Данияр Амангелдиев Венгриянын каржы министри Михали Варга менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынынын алкагында жолугушуп, кыргызстандыктарды Венгрияда жумушка орноштуруу боюнча маселени талкуулаган.

Белгилей кетсек, КРнын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга уруксат ведомстволор аралык комиссия тарабынан берилет. Жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ишмердүүлүгүнө мониторинг Социалдык эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору тарабынан жүргүзүлөт.

Учурда Кыргызстанда 120 жеке ишке орноштуруу агенттиги дүйнөнүн 21 өлкөсүндө жарандарды ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтөт.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору учурда кыргызстандыктарды жогоруда аты аталган өлкөлөрдөн тышкары, Германия, Япония, Финляндия жана башка бир катар мамлекеттер менен келишимдерди иштеп чыгуу стадиясында экенин да кабарлаган.

Worldpopulationreview.com порталынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын калкынын саны (18.05.2022) 6.714.571 адам, күнүгө төрөлгөн ымыркайлардын саны 405, күнүгө каза болгон жарандардын саны 107 адам болсо, бир күндө миграцияга кеткен жарандардын саны – 24 адамды түзөт.

Тагыраак айтканда, ар бир саатта бирден адам Кыргызстандан чет өлкөгө кетет.

Жарандардын чет өлкөгө кетүүсүнө эмне себеп?

Эл аралык республикалык институттун (IRI) изилдөөсүнө ылайык, сурамжылоого катышкан кыргызстандыктардын  басымдуу бөлүгү Кыргызстандагы эң чоң көйгөй катары кымбатчылыкты (65%), жумушсуздукту (57%) жана коррупцияны (53%) аташкан. Аталган көйгөйлөр жарандардын өлкөдөн агылып кетүүсүнө себеп болууда деп айтууга болот.

Улуттук статистикалык комитеттин берген маалыматына ылайык, 2022-жылдын январь-мартында кыргызстандыктардын орточо эмгек акысы 20 943 сомду түзгөн. Ал эми  реалдуу эмгек акы (инфляцияны эсепке алганда) өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0.3%га төмөндөгөн.

Үстүбүздөгү жылдын башындагы төрт айда эле (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары 7.1%га өскөн. Эң көп жаңы чыккан жашылчалардын баасы жогорулаган (30%).

Жумушсуздук. Евразия экономикалык коммиссиясынын маалыматында КРда иш менен камсыз кылуу кызматына атайын катталган жумушсуз жарандардын саны 2022-жылдын февраль айынын аягына карата 76.5 миң адамды түзгөнү айтылат. Ал эми бул расмий катталгандардын саны гана экенин эске алуу зарыл.

Кыргызстандын экономикасы мигранттар жөнөткөн акчага таянат

Белгилей кетсек, Улуттук банктын берген маалыматына ылайык, өткөн жылы кыргызстандык мигранттар өлкөгө 2 млрд 756 млн доллар которушкан. Тагыраак айтканда, Кыргызстандын экономикасынын негизги каражат булагы болуп жумушчу күчүнүн экспорту саналат. Бирок акыркы кездеги Россия менен Украиндагы геосаясий кырдаалдан улам, акча которуулар бир кыйла солгундай түшкөн. Мисалы, «Бай-Түшүм» банкынын башкармалыгынын төрагасы Максат Ишенбаев  «Перезагрузка – 2022» деген аталыштагы Антикризистик форумда банкта акча которуулар 30%га төмөндөгөнүн, бул төмөндөө 50%дын тегерегинде болот деп күтүп жатышканын айткан.

КРнын экономикасын мигранттардын жөнөткөн каражаттары кыймылдатат. Кыргызстандын 2020-жылга карата ИДПсынын 31%дан ашыгын жумушчу күчүнүн экспорту түзгөн. Бул тууралуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) 2021-2022-жылдар аралыгындагы өткөөл мезгил боюнча отчетунда айтылат.

2021-жылы Кыргызстанга которулган акчанын 83%ы Россиядан келип, анын агымы дээрлик 234 млн долларды түзгөн, бул 2020-жылга салыштырмалуу 25 млн долларга көп болгон.

Бирок бул жылы Украинада согуштук аракеттер башталгандан бери Россиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын кирешеси 20%га кыскарган. Эскерте кетсек, Россияда 1 миллиондон ашык кыргызстандыктар бар.

Дүйнөлүк банктын божомолунда 2022-жылы акча которуулар 33%га чейин төмөндөшү мүмкүн экендиги айтылат.

Эксперттер да бул жылы  мигранттардан өлкөнүн экономикасына 1.5 млрд долларга аз акча келиши күтүлүп жатканын белгилешүүдө.

Read more

«Альянс Алтын» «жашыл» энергетика жана адам капиталына инвестициялоо курсун белгиледи

«Альянс Алтын» «жашыл» энергетика жана адам капиталына инвестициялоо курсун белгиледи

Ысык-Көлдө өткөн VII кыргыз-орус экономикалык форумунда «Альянс Алтын» компаниясы өз ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен тааныштырды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди. Негизги көңүл Талас районундагы «Жерүй» кичи ГЭСинин курулушуна жана ЖОЖдор менен биргеликте билим берүү демилгелерин баштоого багытталган. Кубаттуулугу 28 МВтка чейинки диверсиялык ГЭСти куруу боюнча инвестициялык долбоорду «Альянс

Талас өнүктүрүү фонду минералдык суу чыгаруучу кичи заводду ишке киргизүүгө колдоо көрсөттү

Талас өнүктүрүү фонду минералдык суу чыгаруучу кичи заводду ишке киргизүүгө колдоо көрсөттү

Талас районунун Беш-Таш айылында быйыл күзүндө Арашан бренди менен ичүүчү минералдык суу чыгаруучу кичи завод иштей баштайт. Долбоор Талас районунун өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Башкармалыкта белгиленгендей, ишкананын курулушуна 10,1 млн сом каралса, анын 7 млн сому жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн.

Альянс Алтын лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык аккредитациясын алды

Альянс Алтын лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык аккредитациясын алды

«Альянс Алтын» ЖЧКсынын Борбордук анализ жана аналитикалык лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык стандартына ылайыктуулугу боюнча аккредитациялык сертификатка ээ болду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Компания белгилегендей, бул стандарт сыноо жана калибрлөө лабораторияларынын компетенциясына талаптарды белгилейт жана алардын масштабына карабастан лабораториялык сыноолорду жүргүзгөн бардык уюмдарга жайылтылат. Аккредитация

«Альянс Алтын» 1000-кызматкерин кабыл алды

«Альянс Алтын» 1000-кызматкерин кабыл алды

2025-жылдын 23-июлунда «Альянс Алтын» компаниянын расмий штаттык курамына 1000-кызматкер кабыл алынды. Бул тууралуу ишкана билдирди. Такталгандай, жаңы кызматкер Сасык-Булак айылынын (Шумкар-Уя айыл аймагы) тургуну Сыргак уулу Бекболсун болду. Ал 18-июлда ишкананын Автотранспорт башкармалыгынын Автоунааларды оңдоо кызматына нөөмөтчү автослесарь болуп жумушка орношкон. Бул символикалык сан кызматкерлердин катары көбөйүп жатканын гана эмес,