Кирешелери «асман чапчыды». Кыргызстандын банктары валюталык операциялардан 10.6 млрд сом киреше табышты. РЕЙТИНГ

Кирешелери «асман чапчыды». Кыргызстандын банктары валюталык операциялардан 10.6 млрд сом киреше табышты. РЕЙТИНГ
Photo by Vladimir Solomianyi / Unsplash

Үстүбүздөгү жылдын февраль-март айларында Кыргызстандын валюта рыногунда чоң секириктер болду. Россиянын Украинага чабуулу орус рублинин, аны менен бирге кыргыз сомунун арзандашына түздөн-түз таасирин тийгизди. Валюта курсунун кескин өзгөрүшүнөн карапайым калк да, эмгек мигранттары да, ишкерлер да оор абалга кептелди.

Мындай оор кырдаалда жакшы киреше тапкан кыргыз банктары гана болду.

Кошумча киреше табуу мезгили

Эксперттер валюта рыногундагы кескин олку-солку абал Кыргызстандын экономикасы үчүн бир катар терс кесепеттерди алып келерин айтышкан эле. Бирок мындай кырдаалдагы валюта рыногундагы операциялар өз кезегинде финансы секторуна, анын ичинде Кыргызстанга да киреше алып келди.

Акча алмаштыруу жайларындагы валюта операцияларын байкоо кыйын, бирок банк сектору бул башка маселе. Коммерциялык банктар мыйзам боюнча валюталык операциялардан түшкөн пайданын суммасын чагылдырган финансылык отчетту көрсөтүүгө милдеттүү.

Economist.kg 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына тиешелүү бардык банктардын финансылык отчетторун изилдеп чыкты.

Эсептөөлөр көрсөткөндөй, үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында кыргыз банктарынын “чет элдик валюта менен жүргүзгөн операцияларынын таза кирешеси” рекорддук көрсөткүчкө жетип, 10 млрд 589 млн сомду түзгөн.

Бул алардын «валюталык кирешесинен» 7.2 эсе көп, адатта валюталык операциялардан алынган киреше 1 млрд 468 млн сомду гана түзчү.

Рейтинг

Economist.kg банктардын чет элдик валюта менен жүргүзгөн операцияларынан түшкөн таза кирешеси боюнча рейтинг түздү. Анда абсолюттук лидер болуп, алты айдын ичинде 1 млрд 734 млн сом киреше тапкан “КЫРГЫЗСТАН” коммерциялык банкы” табылды.

«Айыл Банк» (мамлекеттик үлүшү 100%) болсо бираз эле артта калып, 1 млрд 692 млн сом киреше тапкан. Алдыңкы бештикке валюталык операциялардан 1.33 млрд таза кирешеси менен «Бакай Банк», 1.03 млрд сом менен «Оптима Банк» жана 696 млн сом пайдасы менен “Демир Банк” кирди.

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында валюталык пайдасынын өсүү темпи боюнча төмөнкүлөр лидер аталышты:

  • «Айыл Банк» — өсүү дээрлик 3000%
  • «Кыргыз-Швейцария Банкы» — өсүү 1333%
  • «Банк «Бай-Түшүм» — өсүү 1092%

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө жол курулуштары текшерилди

Ысык-Көлдө жол курулуштары текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков иш сапары менен Ысык-Көл облусундагы жол курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Министрликтин маалыматына ылайык, ал буга чейин берилген тапшырмалардын аткарылышын текшерип, инвестициялык долбоорлордун жана жол тейлөө ишканалары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерди жеринде көрдү. Жаныбеков алгач Балыкчы–Барскоон унаа жолундагы курулуш иштерин

Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 1-апрелинен тартып Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, Салиева көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки тилке жолду оңдоо жана кеңейтүү иштерине байланыштуу жабылат. Долбоордун алкагында жолду кеңейтүү, жаңы тротуарларды куруу, сугаруу системасын орнотуу жана эки катмар асфальт төшөө каралган. Бул иштер жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга,

Россиядан ЕАЭБ өлкөлөрүнө ири суммадагы акчаны кайсыл аэропорттор аркылуу алып чыгууга болот?

Россиядан ЕАЭБ өлкөлөрүнө ири суммадагы акчаны кайсыл аэропорттор аркылуу алып чыгууга болот?

Россиядан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирген өлкөлөргө 100 миң доллардан ашык өлчөмдөгү накталай рублдарды 17 аэропорт аркылуу гана алып чыгууга уруксат берилерин Россия Каржы министрлигине шилтеме берүү менен "РосбизнесКонсалтинг" маалымдады. Накталай акчаны алып чыгууга уруксат берилген аэропорттордун катарына Москванын негизги авиа түйүндөрү — Внуково, Домодедово, Шереметьево, ошондой эле Храброво

“Социалдык контракт”: 48 миңден ашык үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү

“Социалдык контракт”: 48 миңден ашык үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү

Кыргызстанда жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү” программасы ийгиликтүү ишке ашууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Бул демилге 2022-жылдан бери иштеп келет. Анын негизги максаты — жарандардын жашоо-шартын жакшыртуу жана өз алдынча иш менен камсыз болушуна шарт түзүү. Маалыматка