Ипотекалык насыя алуу үчүн МИКке кантип катталуу керек – нускама

Ипотекалык насыя алуу үчүн МИКке кантип катталуу керек – нускама

Үйүңүздөн чыкпай туруп, ипотекалык насыяга кайрылуу үчүн "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК (МИК) системасында каттоодон өтүшүңүз керек. Төмөндө бул тууралуу кадам сайын көрсөткөн нускама беребиз.

Электрондук порталда каттоо 24/7 иштейт, андыктан уюлдук телефон болсо жетиштүү. Шилтеме аркылуу онлайн катталсаңыз болот.

1-кадам. Каттоо

Каттоо үчүн сиз өзүңүз жөнүндө маалыматты толтурушуңуз керек. Бүт процесс үч блоктон турат:

  1. Толук аты-жөнү, туулган жылы жана паспорттун маалыматтары
  2. Катталган жери, иш жүзүндө жашаган жери жана үй-бүлөлүк абалы
  3. Жумушу тууралуу маалымат жана байланыш телефондору.

Бардык жер толгондон кийин "Катталуу" дегенди басыңыз.

Көңүл бургула! 21 жашка чыга элек болсоңуз, каттоодон өтүп, ипотека ала албайсыз.

2-кадам. Системага кирүү

Биринчи кадам аяктагандан кийин, системага кирүү үчүн убактылуу сырсөз менен каттоо учурунда көрсөткөн телефонуңузга SMS келет. Ал төрт мүнөткө гана жарактуу, ошондуктан сиз дароо бул сырсөз аркылуу системага кирип, андан кийин өзүңүздүн сырсөзүңүздү орнотуп, аны өзгөртүүңүз керек.

3-кадам. Үй-бүлө тууралуу маалымат

"Жеке кабинетке" өтүп, андан "Үй-бүлө маалыматы" бөлүмүнө өтүшүңүз керек. Бул бөлүмдө "Үй-бүлө маалыматын өзгөртүү" баскычын басып, жубайыңыздын/жолдошуңуздун паспорттук маалыматтарын, 18 жаштан жогорку балдардын паспорттук маалыматтарын толтуруңуз жана канча жашы жете элек балдарыңыз бар экенин көрсөтүңүз.

4-кадам. Кызмат акысы

Ипотекага арызды тастыктоо үчүн мамлекеттик органдардан өзүңүздүн маалыматтарыңызды тастыктоо керек: үй-бүлөлүк абалы, турак жайдын жоктугу же бар экендиги, паспорттук маалыматтар. Буга кызмат акы төлөнөт. Сурамдардын баасы бир адамга 179 сомду түзөт, анын ичинен:

  • 20 сом – туруктуу СМС билдирүү
  • 2 сом – паспорттогу маалыматтарды тастыктоо жана үй-бүлөлүк абалды текшерүүгө
  • 157 сом – турак-жай болуп, болбогондугу тууралуу маалыматты текшерүүгө.

Тиркемедеги маалыматтарды тастыктоо өтүнүчүн төлөө үчүн "Кызматтарды төлөө" баскычын басыңыз. Система сизге электрондук төлөмдөр – "Элкарт мобайл", "Элсом", Mega Pay, Balance.kg, "О!Деньги" жана "РСК 24" аркылуу төлөө үчүн сиздин жеке кабинетиңизди көрсөтөт. Кызматтарга төлөөнүн жалпы суммасы үй-бүлөнүн курамына жараша болот.

5-кадам. Жеке маалыматтарды издөөгө макулдук

Жеке маалыматтарды издөөгө макулдук Balance.kg мобилдик тиркемесинде берилет. Аны катталган адам, ошондой эле эгер бар болсо, анын жубайы же жолдошу да жүктөп алышы керек.

Тиркемеде идетификациялоодон өтүңүз. Анан "Мамлекеттик кызматтар" бөлүмүн, андан кийин "Мамлекеттик ипотекалык компания" дегенди басыңыз. Кредит алуучу адам "МИКке каттоо" опциясын, ал эми анын жубайы же жолдошу "Маалымат издөөгө жубайынын/жолдошунун макулдугу" опциясын тандашы керек. Баскычтарды адашып басып албаңыз — бул маанилүү!

Биз "Жеке эсепке" кайтып келгенден кийин, "Жеке маалыматтарды колдонууга макулдук берүү" бөлүмүнө өтүңүз. Эгер баары туура аткарылса, "Макулдук алынды" деген жазуунун астында белгилер коюлган болот.

6-кадам. Ипотекага арызды берүү

"Жеке кабинетте" "Менин тиркемелерим" бөлүмүнө өтүп, андан кийин "Арыз берүү" баскычын басыңыз. Система сизди өзүңүз жөнүндө маалыматты толтурууга багыттайт. Өзүңүз жана үй-бүлөңүз тууралуу маалыматтарды текшерүү же кайра киргизүү, ошондой эле үй насыясы жөнүндө кошумча маалымат берүү зарыл. Бүт процесс төрт блоктон турат:

  • Жеке маалымат, паспорттун реквизиттери жана дареги
  • Үй-бүлөлүк маалымат
  • Жумуш жана үй-бүлөнүн айлык кирешеси жөнүндө маалымат
  • Насыянын продуктусу, өздүк салымы, сатып алынган турак жайдын наркы, кредиттин мөөнөтү жана суммасы.

Бардык талап кылынган бөлүмдөрдү толтургандан кийин, берилген документтердин жана көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын ырастаңыз. Андан кийин арызды сактап, тастыктоо үчүн МИКке жөнөтүңүз.

7-кадам. Арыздын каралуусун күтүңүз

Өтүнмөнү тапшыргандан кийинки статусу "Карап чыгууга тапшырылды" болушу керек. Бөлүм ошондой эле кезекте турган арыздын номерин көрсөтөт. Карап чыгуу мөөнөтү келип түшкөн арыздардын санына жараша үч айга чейин созулат. Кредит алуу үчүн кезекке "МИК карап чыкты" статусунан кийин турса болот.

Мындан тышкары окуңуз

Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилигинде Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматтарынын отуруму өттү. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйында 30-апрелден 5-майга чейин катуу жааган жаандын кесепетинен Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында катталган сел кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер каралды. Ошондой эле күтүлүп жаткан сел коркунучтарынын алдын алуу,

Адылбек Касымалиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Адылбек Касымалиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев банк секторунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоосунда ал бул күн улуттук валюта — кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилиши менен тыгыз байланыштуу экенин белгилеп, анын өлкөнүн эгемендүү финансы системасын калыптандыруудагы маанисине токтолду. Адылбек Касымалиев акыркы жылдары өлкө экономикасы туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, ички дүң продуктунун көлөмү эки

Чүйдө жана Бишкекте жол курулуштарына текшерүү жүргүзүлдү

Чүйдө жана Бишкекте жол курулуштарына текшерүү жүргүзүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы бир катар жол курулуш объектилерин кыдырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министр Бишкектеги Профсоюз көчөсүндөгү, Түндүк айланма жолундагы жана Чүй облусунда жүрүп жаткан жол куруу иштеринин жүрүшү менен таанышып, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берди. Иш

Бишкекте өткөн "Өлбөс полкко" 30 миңден ашуун адам катышты

Бишкекте өткөн "Өлбөс полкко" 30 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскерүүгө арналган "Өлбөс полк" аттуу аскердик-патриоттук акция өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жүрүшкө 30 000ден ашык адам катышты. Акциянын катышуучулары согушта курман болгон же тылда эмгектенген туугандарынын, ардагерлердин сүрөттөрүн көтөрүп, Д. Асанов атындагы парктан Жеңиш аянтындагы "Түбөлүк