Москвадан Бишкекке учмакчы болгон жарандын 136 млн рубли конфискацияланды
Москвадагы Шереметьево аэропортунан Бишкекке учууга камынган 28 жаштагы РФнын жаранынан 136 млн рубль (болжол менен 1,5 млн доллар) конфискацияланды. Бул тууралуу бүгүн Известия Россиянын Федералдык бажы кызматына таянып маалымдады.
Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери жүргүнчүнүн жүгүн текшерүү учурунда чемоданынан резина менен таңылган 5 миң рублдик банкноттордун 108 таңгагын табышкан. Андагы акчанын жалпы суммасы 129 млн рублди түзгөн. Дагы 7 млн рубль кол жүгүндө болгон.
Белгилүү болгондой, эркек киши акчанын бир бөлүгүн каттоодон өткөрүү үчүн тапшырган чемоданына, калганын кол жүгүнө салып алган. Ал учуу аймагына өтүп бара жатканда кармалган.
Бул факт боюнча Россиянын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 16.3-беренесине («Тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактабоо») ылайык иш козголгон. Сот өлкөдөн алып чыгууга уруксат берилген чектен ашкан акчаны конфискациялоо чечимин чыгарган.
Буга чейин, Россиянын Федералдык бажы кызматы 22-сентябрда Шереметьево аэропортунда Кытай жаранынан 965 даана күмүш зер буюмду аныктаган. Анын жалпы баасы болжол менен 5 млн рублди түзгөн. Ал буюмдарды декларациялануучу товарлары жок экенин билдирген «жашыл коридор» аркылуу алып өтүүгө аракет кылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ага 5 жылга чейин эркинен ажыратуу же 1 млн рублге чейин айып пул салуу жазасы каралган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу