Эсептик чендин көтөрүлүшү жөнөкөй жарандарга кандай таасир этет?

Эсептик чендин көтөрүлүшү жөнөкөй жарандарга кандай таасир этет?

Кыргызстанда эки жыл мурда базалык чендин деңгээли азыркы көрсөткүчтөн кыйла төмөн болгон. 2022-жылдын ноябрь айынан баштап эсептик чен 13%ды түзөт. Негизги чендин көтөрүлүшү карапайым жарандардын жашоосуна кандай таасир этерин экономист Искендер Шаршеев айтып берди.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, Кыргызстанда акыркы төрт жылда эсептик чен үч эсеге өстү. Бул мезгил ичиндеги минималдуу маани 2019-жылдын 26-ноябрынан 2020-жылдын февралына чейинки чен — 4.25% болгон. 2020-жылдын февралынан 2021-жылдын январына чейин кайра каржылоо чени 5% деңгээлинде сакталып клди. Андан кийин жыл ичинде эсептик чен бир нече жолу өзгөрүп турду: 2021-жылдын апрель айында Улуттук банк аны 6.5%, ошол жылдын июлунда 7.5%га чейин көтөргөн. Ал эми декабрда — 8%га чейин жеткен болчу.

Андан ары 2022-жылы Улуттук банктын негизги чени февраль айында 8.5%, 1-мартта дароо 10%ды, ал эми 10-мартта андан да жогору болуп 14%га чейин көтөрүлгөн. Ал эми 2022-жылдын 28-ноябрында гана регулятор эсептик ченди 13%га чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алып, учурда ошол бойдон сакталууда.

Эсептик ченди эмнеге көтөрүшөт?

Экономист Искендер Шаршеевдин айтымында, Улуттук банктын эсептик ченди көтөрүшүнүн көптөгөн себептери болушу мүмкүн. Өлкөнүн башкы банкы аны төмөнкү учурларда көтөрө алат, эгерде:

  • Эгерде өлкөнүн экономикасы туруксуз темпте өнүгүп жатса, бул экономикалык дисбаланска алып келбеши үчүн, ашыкча карыз алууну жана чыгашаларды азайтуу үчүн жасалат.
  • Эгерде өлкө учурдагы операциялык эсептин туруктуу тартыштыгына туш болсо же төлөм балансынын начарлашына дуушар болсо, эсептик ченди көтөрүү чет элдик капиталды тартууга жана өлкөнүн тышкы абалын жакшыртууга жардам берет.
  • Эгерде улуттук валютанын курсу олуттуу арзандаса, эсептик ченди жогорулатуу өз салымдарынан көбүрөөк киреше алууну көздөгөн чет элдик инвесторлорду тартууга көмөктөшөт.
  • Глобалдык пайыздык чендердин өзгөрүшү же ири борбордук банктар жүргүзгөн акча-кредит саясаты сыяктуу тышкы факторлор ченди көтөрүү чечимине таасир этиши мүмкүн.
"Менин оюмча, биздин кырдаалда көйгөй инфляцияда жана төлөм балансында болуп жатат", — дейт эксперт.

Эсептик чендин көтөрүлүшү карапайым жарандарга кандай таасир этет?

Негизги чендин жогорулашы карапайым жарандар үчүн бир катар кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

  • Улуттук банк эсептик ченди көтөрүү менен сомдун наркын көтөрөт, жыйынтыгында, коммерциялык банктар да пайыздарын көтөрүүгө аргасыз болот. Жөнөкөй тил менен айтканда, сомдун баркы көтөрүлүп, элдерге акча кымбаттайт. Акчага жетүү кыйындап баштайт.
  • Бул насыяларды, ипотекалык кредиттерди жана кредиттик карталардын карызын кымбаттатып, карыз алуу чыгымдарынын жогорулашына алып келет. Бул жеке адамдардын жана ишканалардын кредитке жетүү мүмкүнчүлүгүн чектеп, алардын чыгымдоосуна жана инвестициялык чечимдерине таасир этет.
  • Сактоочулардын жана депозиттер боюнча пайыздык чендердин жогору болушу — салымдарынан көбүрөөк киреше алган инвесторлорго пайда алып келиши мүмкүн.
  • Керектөөчүнүн чыгашаларына да таасир этет. Карыз алуу боюнча жогорку чыгымдар колдогу кирешени азайтат жана сатып алуу жөндөмүнүн төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.
"Андан тышкары, эсептик ченди көтөрүү экономикага кыйыр таасир этет, экономикалык өсүүнү жайлатып, жумуш орундарын кыскартып, көтөрүлүп жаткан айлык акынын өсүүсүн жайлатат. Үстөк пайызы жөнгө салынуучу насыя же ипотекасы бар үй-бүлөлөр ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрдүн көбөйүшүнө дуушар болушу мүмкүн, бул үй чарбаларынын бюджетине оорчулук келтирет», — деди Искендер Шаршеев.


Эсептик ченди төмөндөтүү мүмкүнчүлүктөрү барбы?

Эсептик ченди көтөрүү, албетте, көптөгөн көйгөйлөрдү жаратат. Бирок азыркы экономикалык шарттарда КР Улуттук банкынын койгон ченин төмөндөтүү мүмкүн эмес. Искендер Шаршеев мунун эки себебин атады:

  • Эгерде инфляциянын өсүшүнө байланыштуу кооптонуулар болсо, эсептик чендин төмөндөшү экономикадагы ликвиддүүлүктү жогорулатуу аркылуу инфляциялык басымды дагы күчөтүшү мүмкүн.
  • Эгерде экономика толук кубаттуулукта иштеп жатса же ашыкча карыз алуу сыяктуу чыгашаларга дуушар болсо, эсептик чендин төмөндөшү кредиттик экспансиянын туруксуз деңгээлине алып келиши мүмкүн жана экономикалык дисбалансты жаратышы мүмкүн.

Эсептик чен кандай иштейт

Улуттук банк кредиттик ресурстардын банктар аралык рыногунда эң ири "оюнчу" болуу менен коммерциялык банктардан эсептик чен боюнча карыз алууга ар дайым даяр. Коммерциялык банктардан акча карыз алуу Улуттук банктын ноталары деп аталган баалуу кагаздарды сатуу аркылуу ишке ашырылат.

Ошол эле учурда рынокто башка катышуучулар да бар – булар 23 коммерциялык банктар. Банктар аралык рыноктун катышуучулары эки топко бөлүнөт: биринчиси, Улуттук банк сыяктуу эле, кредитке акча алууга даяр; экинчи бөлүгү болсо, аларга берүүгө даяр болгондор. Улуттук банк эсептик ченди көтөрүү боюнча буга чейин себептерин айтып келген.

Өткөн жылдын башынан бери этап-этабы менен жүргүзүлүп жаткан эсептик чендин жогорулашы – коммерциялык банктарга калктын сом менен депозиттери боюнча чендерди жогорулатууга мүмкүндүк берип, элди көбүрөөк үнөмдөөгө жана ошого жараша керектөөгө азыраак сарптоого түрткү берди. Мындай көрүнүш керектөөчү элдин товарларга суроо-талабын азайтып, өлкөдө баалардын өсүшүн кармап турууга жардам берет», – дейт УБ.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым жерлеринде 20-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде 20-октябрда суу өчүрүлөт

20-октябрда саат 09:00дөн 20:30га чейин "Ала-Тоо-1" жана "Ала-Тоо-2" конуштарында ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, "Ала-Тоо" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда профилактикалык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Суу турак үйлөргө, мектептерге, бала

Ишкер Media
Кыргызстанда кырсыктан кийин калыбына келтирүү системасы бааланды

Кыргызстанда кырсыктан кийин калыбына келтирүү системасы бааланды

Финансы министрлигинде өлкөнүн өзгөчө кырдаалдардан кийин калыбына келтирүүгө даярдыгын баалоо боюнча миссия өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, эки күндүк миссия Азия өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашырылып жаткан "Азия-Тынч океан аймагын кырсыктардан кийин туруктуу калыбына келтирүүгө даярдоону жогорулатуу" техникалык жардам долбоорунун алкагында уюштурулду.

Ишкер Media
Эрлист Акунбаев: 5 жылда өнөр жай өндүрүшү 2 эседен ашык өстү

Эрлист Акунбаев: 5 жылда өнөр жай өндүрүшү 2 эседен ашык өстү

Бишкекте "Жаштык аренада" "EXPO Евразия Кыргызстан 2026" жана "Кыргызстан EXPO 2026" эл аралык көргөзмөлөрү башталды. Иш-чара 15-17-октябрда өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди. Көргөзмөгө Минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков катышып, Кыргызстандын өнөр жайы оң динамика көрсөтүп жатканын билдирди. Анын айтымында,

Ишкер Media
Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

14–16-октябрда Бишкекте мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн экспорттук көзөмөл боюнча практикалык семинар өтүп жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты. Иш-чара Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын Экономика жана экспорттук көзөмөл боюнча федералдык ведомствосу (BAFA) тарабынан “ЕБ P2P” программасынын алкагында уюштурулган. Окутуунун негизги максаты - улуттук стратегиялык

Ишкер Media