Саясий чечимдер эскилерди колдоо үчүн эмес, жаңы долбоорлор үчүн кабыл алынат

Саясий чечимдер эскилерди колдоо үчүн эмес, жаңы долбоорлор үчүн кабыл алынат

ИШКЕР MEDIA экономикалык сабаттуулук боюнча кызыктуу маалыматтар менен бөлүшүүнү улантат. Базар экономикасында капитал рыногу кандай функцияларды аткарат жана анда финансылык мекемелер кандай ролдорду ойнойт деген бир катар түшүнүктөр тууралуу сөз болмокчу.

Борбордук жана Чыгыш Европа, ошондой эле мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөр үчүн ылайыктап редакцияланган "Жүйөлүү экономика: Жеке жана улуттук бакыбаттык жаатында ар ким билүүгө тийиш маселелер" деген китептен алынган маалымат төмөндө түз берилет.

Капиталдык салым — келечекте көбүрөөк керектелүүчү товарларды жана кызматтарды өндүрүүгө жардам берүү үчүн иштелип чыккан узак мөөнөттүү ресурстарды түзүү жана өнүктүрүү; бул — экономикалык өсүштүн маанилүү болжолдуу булагы болуп саналат. Мисалы, жергиликтүү пиццерия тарабынан меш сыяктуу инвестициялык товарды сатып алуу анын келечектеги өндүрүшүн кеңейтүүсүнө жардам берет.

Инвестициялык товарларды өндүрүү үчүн колдонулган ресурстар (мисалы, жумушчу күчү, жер жана ишкердик) эл керектөөчү товарларды өндүрүү үчүн жеткиликтүү болбойт. Эгерде биз өндүргөн нерселерибиздин бардыгын азыр керектей турган болсок, анда инвестиция үчүн эч кандай бош ресурстар калбайт. Ошондуктан инвестиция сактоолорду — каражаттарды башка максаттарга жеткиликтүү кылуу үчүн учурдагы керектөөнү азайтууну талап кылат. Инвестор же инвесторго каражат берүүнү каалаган киши инвестицияларды каржылоо үчүн адегенде үнөмдөшү керек.

Сактоо — инвестициялык жүрүмдүн ички ажырагыс бөлүгү. Бирок бардык эле инвестициялык долбоорлор жемиштүү боло бербейт. Инвестициялык долбоор инвестициянын натыйжасында өндүрүлгөн кошумча өнүмдүн наркы инвестиция чыгымдарынан ашып кетсе гана өлкөнүн байлыгын көбөйтөт. Андай болбосо, долбоор өз кесепетин тийгизип, байлыкты азайтат. Инвестициялар эч качан кынтыксыз кыраакылык менен ишке ашпайт, андыктан эң келечектүү инвестициялык долбоорлор да кээде байлыкты арттыра албай калат.

Өз мүмкүнчүлүгүн экономикалык прогресске максималдуу пайдалануу үчүн, мамлекет сактоолорду тарта турган жана аларды байлык жаратуучу инвестицияга багыттоочу механизмге ээ болушу керек. Базар экономикасында бул функцияны капитал рыногу аткарат. Кеңири маанисинде ал акциялардын, облигациялардын жана кыймылсыз мүлктүн рынокторун камтыйт. Капитал рыногунун иштешинде фондулук биржалар, банктар, камсыздандыруу компаниялары, үлүштөш салым фонддору жана инвестициялык фирмалар сыяктуу финансылык мекемелер маанилүү рол ойнойт.

Чакан ишканалардын ээлери, корпорация үлүшчүлөрү жана венчурдук кпиталисттер сыяктуу жеке инвесторлор өз каражаттарын капитал рыногуна тобокелдик менен салышат. Бирок инвесторлор кээде жаңылып да калышат. Кээде алар өзүн актай албаган долбоорлорду жүзөгө ашырышат. Эгерде инвесторлор мындай мүмкүнчүлүктөрдү колдонууну каалашпаса, көптөгөн жаңы идеялар сыноодон өтмөк эмес жана көптөгөн баалуу, бирок тобокелдүү долбоорлор ишке ашмак эмес. Интернет кызматтарын өнүктүрүүдө ишкердиктин, тобокелчиликтин жана капитал рыногунун ролу

1990-жылдардын ортосунда Сергей Брин (Россиядан келген иммигрант) менен Ларри Пейж Калифорниядагы Стэнфорд университетинде окуп жүрүп, интернеттен маалымат табууну жеңилдетүү максатындагы изилдөө долбоору менен иштешкен. Аларды ийгиликтүү ишкерликке талапкер деп айтуу кыйын сезилген. Бирок 1998-жылы Брин менен Пейж жарнак аркылуу киреше берип, бекер интернет кызматтарын көрсөтүүчү Google Inc бизнесин негиздешкен. Алар иштеп чыккан кубаттуу интернет издөө каражаты күн сайын миллиондогон жеке кишилердин жана фирмалардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат. Алар эбегейсиз байлыкка ээ болушту жана 2018-жылы Google (Alphabet түпкү компаниясын кошкондо) 85 000ден ашуун кызматкери бар дүйнөгө белгилүү брендге айланды.

Интернетке негизделген башка компаниялар, мисалы eBay жана Amazon, акыркы он жылдын ичинде чоң киреше таап, олуттуу өсүшкө жетишти. Бирок көптөгөн башка интернет-стартаптардын тажрыйбасы такыр башкача болду. Broadband Sports жана eVineyard сыяктуу башка dot-com интернет-компаниялар, кирешелеринин чыгымдарды жабууга жетишсиздигинен улам, банкрот болушту. Бул фирмалардын чоң үмүтү акталган жок.

Белгисиздик өкүм сүргөн дүйнөдө жаңылыш инвестициялар — бул жаңы технологиялар менен өнүмдөрдөгү жемиштүү инновациялар үчүн төлөнүүгө тийиш зарыл баа. Бирок мындай майнапсыз долбоорлордун өксүгү таанылып, ишмердиги токтотулууга тийиш. Базар экономикасында бул функцияны капитал рыногу аткарат. Эгерде фирма зыян тарта бере турган болсо, акыры инвесторлор долбоорду жаап, акчаларын курулай эле сарптоону токтотушат. Өзгөрүүлөрдүн ыргагын жана ишкердик таланттардын көп түрдүүлүгүн эске алганда, капиталды бөлүштүрүү боюнча туура чечим кабыл алуу үчүн талап кылынчу билим — жеке лидердин, өнөр жай пландоо комитетинин же өкмөттүк мекеменин мүмкүнчүлүгүнөн алда канча жогору.

Жеке капитал рыногу жок шартта, инвестициялык каражаттарды байлык жаратуучу долбоорлорго ырааттуу багыттай турган эч кандай механизм болбойт. Эмне үчүн? Инвестициялык каражаттарды эркин базар эмес, мамлекет бөлүштүргөн тапта, өңүттөрдүн таптакыр башка топтому иштей баштайт. Мындайда кайсы долбоорлор ишке аша турганын базардын кирешеси эмес, саясий таасир аныктайт. Байлык жаратуунун ордуна, аны азайтчу инвестициялык долбоорлорду түзүү алда канча ыктымалдуу болуп калат.

Саясий чечимдер эскилерди колдоо үчүн эмес, жаңы долбоорлор үчүн кабыл алынат. Совет мезгилиндеги борбордоштурулган пландуу социалисттик экономиканын тажрыйбалары муну айгинелеп турат. Кырк жыл бою (1950-1990) бул өлкөлөрдөгү инвестициянын өсүү деңгээли дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болгон. Борбордук пландоочулар улуттук өнүмдүн болжол менен үчтөн бирин капиталдык салымдарга бөлүштү. Ал түгүл инвестициянын бул жогорку көрсөткүчтөрү да жашоо деңгээлин жакшыртууга анча көмөк берген жок, анткени кайсы долбоорлор каржыланышы керектигин экономикалык эмес, саясий себептер аныктады. Ресурстар көбүнчө экономикалык жактан жараксыз долбоорлорго коротулду жана чечимге кол койчу саясий төбөлдөр көзгө толумдуу ("кадыр-барктуу") инвестицияларды жактырышты. Мындай туура эмес бөлүштүрүүнү эки мисал айгинелеп турат. Сталин Беломор-Балтика каналын курууну талап кылган, бирок анын акылга сыйбаган графигин аткарабыз деп жатып канал өтө тайыз, ошондон улам пайдасыз болуп калган. Хрущёвдун Казакстанда АКШ менен Канаданын прерияларынын деңгээлинде буудай өндүрүү үчүн жүргүзгөн өнөктүгү кеңирсиген сугат түзүлүшүн жаратып, мунун айынан Арал деңизи соолуп калган.

Инвестициялардын туура эмес бөлүштүрүлүшү жана динамикалык өнүгүүгө жөндөмсүздүк акыры бул өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө социализмдин жок болушуна алып келди.

Мындан тышкары окуңуз

Элкарт жана HUMO өлкөлөр арасында нак эмес эсептешүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачууда

Элкарт жана HUMO өлкөлөр арасында нак эмес эсептешүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачууда

Эми улуттук төлөм карт “Элкарт” ээлери Өзбекстанда соода кылып, накталай акчаларын чыгара алышат. Ал эми Өзбекстандын улуттук төлөм системасы HUMOнун карт ээлери ушундай эле мүмкүнчүлүтөрүн Кыргызстанда колдоно алышат. Мындай билдирүүнү “Элкарт” улуттук төлөм системасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.  Билдирүүгө караганда, валюта алмаштырып же эл аралык карталарды колдонбой эле койсо болот.

Экс эл өкүлү С.Айжигитовдун ипотека тууралуу сунушун мамлекет башчы карап чыкты

Экс эл өкүлү С.Айжигитовдун ипотека тууралуу сунушун мамлекет башчы карап чыкты

Коомчулук тарабынан айтылган сунуш-пикирлер же кандайдыр маалыматтар тараса өлкө жетекчилигине маалымат иретинде жеткирилип турат. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, Фейсбукта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитов ипотекалык үйлөрдүн курулушу боюнча сунушунун билдирген. Анда ал ипотекалык батирлердин 1 кв/м элге 300 АКШ долларынан

Сокулукта сафлор аянтын кеңейтүү максат кылынып жатат

Сокулукта сафлор аянтын кеңейтүү максат кылынып жатат

Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводу сафлордон алынган жымыхты малдарга тоют катары колдонуу менен айыл чарба тармагында кошумча баалуулук жаратууну максат кылууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Сокулук райондук мамлекеттик өнүктүрүү фонду тарабынан аталган чарбага керектүү жабдыктар алынып берилди. Учурда чакан цех сафлор айдоону өздөштүрүп,

Өзбекстандын тышкы карызы 75,4 млрд долларга жетти

Өзбекстандын тышкы карызы 75,4 млрд долларга жетти

2025-жылдын 1-октябрына карата Өзбекстандын жалпы тышкы карызы 75,4 млрд долларга жеткенин өлкөнүн Борбордук банкы билдиргенин "Кабар" агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, жылдын тогуз айында мамлекеттик тышкы карыз 10%га, ал эми ишканалардын тышкы карызы дээрлик 27%га көбөйгөн. 2025-жылдын январь–сентябрь айларында өлкөнүн тышкы карызы жалпы 11,3