Чүйдө 101 млн долларга курула турган Baуtik Mountain Resort кандай болот? — маек, сүрөттөр

Чүйдө 101 млн долларга курула турган Baуtik Mountain Resort кандай болот? — маек, сүрөттөр

Бишкектин жанындагы Байтик айылында Baуtik Mountain Resort жаңы лыжа базасы курулат. Мамлекеттин бул долбоор боюнча пландары көз жоосун алган эскиздер, инвестициялар, чоң жер тилкеси жана чет элдик инвесторлордун кызыгуусу менен коштолууда.

Бул долбоор тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн КРнын Туризмди өнүктүрүү фондуна кайрылдык.

Долбоор эмнеси менен кызыктуу?

Долбоордун менеджери Кылычбек Рысалиевдин айтымында, Baуtik Mountain Resort бүтүндөй бир тоо кластери болот. Ал жыл бою иштейт. Бул жергиликтүү тургундар жана башка өлкөдөн келген коноктор үчүн жеткиликтүү эл аралык класстагы курорт болот.

Ошол эле учурда долбоор бүт баарын — мейманканаларды, ресторандарды, кафелерди, шале, жайкы жана кышкы спорттун бардык түрлөрүн камтыйт. Ошондой эле узундугу 3600 метр болгон родельбан куруу да пландаштырылууда жана анын жогорку бийиктиги деңиз деңгээлинен 2050 метр, төмөнкүсү 1500 метрге чейин жетет.

"Ал жерде парапланда учса, аскага чыкса болот. Биз ошондой эле жөө жана ат менен жүрүүчү жолдорду уюштуруп, лыжа тепкендер үчүн көптөгөн кызыктуу трассаларды түзөбүз. Асма жол 3150 метр бийиктикке жеткенде, коноктор тоолорду куштун көзү менен көрө алышат. Ал жерде Учитель, Комсомолец, Семенов-Тян-Шанский жана башка бир нече чокулар бар", — деди ал шыктануу менен.

Курорт мамлекетке кандай жардам берет?

Рысалиев белгилегендей, Baytik Mountain Resort тоо эс алуу жайы Чүй облусунун туристтик потенциалын өнүктүрүүгө оң түрткү берет, анткени ал аймактагы кошумча жана өтө сапаттуу эс алуучу объект катары кызмат кылат.

"Ооба, азыр бизде "Ала-Арча" бар, бирок ал резинадай чоюла бербейт да. Учурда ал парк элдин агымын толук батыра албайт. Ал эми Baytik Mountain Resort эл аралык деңгээлдеги бүтүндөй тоо кластери болот", — деди ал.

Долбоордун менеджери кошумчалагандай, жаңы лыжа базасы оң мультипликативдик эффект берет: туристтердин агымы көбөйөт, өлкөнүн бюджети толукталат.

"Мындай курорттун болушу жарандарыбыздын социалдык абалына оң таасирин тийгизиши үчүн Baуtik Mountain Resort эс алуу жайына жергиликтүү элди да тартабыз. Мисалы, фермерлер мейманканаларга, ресторандарга керектүү азыктарды жеткиришет. Ошол эле учурда биз 500дөн ашык жаңы жумуш орундарын түзөбүз, анткени бизге бүтүндөй курортту тейлей турган адамдар керек болот", — деди Рысалиев.

Жердин үлүшү бир шаарга тең келет

Учурда долбоор баштапкы этапта турат. Азырынча Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду жер маселеси менен алектенип жатат, анткени пландаштырылган жердин аянты кыйла эле чоң.

Анын аянты 1800 гектарга жетет. Салыштыруу үчүн, Чүй облусундагы Кант шаарынын аянты 786 гектарды түзөт, бул жаңы лыжа базасынын аянтынан эки эсеге аз. Учурда долбоорго 977 гектар аянт кабыл алынган.

Муну менен катар жерге топосъемка, геологиялык жана гидрогеологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Мындай эбегейсиз чоң аянтты суу менен кандай камсыз кылуу тууралуу да маселе каралган. Анда Ала-Арча дарыясынын жанынан скважинаны бургулоо боюнча долбоор даяр, ал курорттун төмөнкү бөлүгүн суу менен камсыздайт. Ал эми жогорку бөлүгүнө суу "Эдельвейс" лыжа базасынын жанындагы булактан келет.

Инвестор ким болот?

Бул долбоорго абдан кызыккан биринчи инвестор австриялык компания болду. Бирок учурда Туризмди өнүктүрүү фонду башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Түркия, Сауд Арабиясы жана Европанын инвесторлору менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

"Белгилүү бир инфраструктуралык курулуштарды мамлекеттин акчасына өзүбүз кура алабыз. Мисалы, туристтик жана административдик борборлорго мүмкүнчүлүктөрүбүз жетет. Ал эми коттедж, мейманкана, кафе сыяктуу объектилерди куруу боюнча жеке инвесторлор менен макулдашсак болот", — деди Рысалиев.

Ал белгилегендей, жер тилкелери ар дайым мамлекеттин карамагында кала берет. Ал эми имараттарга ээлик кылуу боюнча маселе инвесторлор менен талкууланат.

Долбоорго канча акча кетет?

Рысалиевдин берген маалыматына таянсак, долбоордун алдын ала жалпы баасы 101 млн долларды түзөт, бирок бул акыркы сумма эмес.

"Чынын айтсам, долбоор бир топ эле кымбатка турат. Инфраструктура жана башка объектилерди курууга 101 млн доллар сарпталат. Бул суммадагы иштерди 2028-жылга чейин ишке ашырууну пландап жатабыз. Келечекте башка курулуштар да болот, демек, 101 млн доллар акыркы сумма эмес", — деди ал.

Жалпысынан долбоор алты этапка бөлүнгөн. Алардын биринчиси инфраструктураны, ошондой эле асма жолду курууну камтыйт. Бул этапта 27 млн доллар өлчөмүндө инвестиция тартуу каралууда. Белгилей кетчү нерсе, жакынкы мезгилдерде асма жолду курууга тендер жарыяланат.

Мындан тышкары окуңуз

Темир жол куруу алкагында 214 үй буздурулат

Темир жол куруу алкагында 214 үй буздурулат

Кыргызстан – Кытай ­– Өзбекстан темир жолун куруунун алкагында 214 үй сүрдүрлөт. Бул тууралуу транспорт министринин орун басары Алмаз Тургунбаев парламенттин жыйынында билдирди. А.Тургунбаев 191 үй Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, калганы Нарын облусунда жайгашканын айтты. Министрдин орун басары үйлөрү түрттүрүлө турган жарандарга компенсация төлөп берилерин белгиледи. Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан темир жолунун

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 17-18-майда Азербайжан Республикасына болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин расмий сайтынан билдирди. Маалыматка ылайык, Мамлекет башчысы Азербайжандын Президенти Илхам Алиевдин чакыруусу боюнча Дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясына (WUF13) катышты.  Иш-чарага ошондой эле 20га жакын мамлекет жана өкмөт башчылар, жогорку даражалуу адамдар, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана дүйнөнүн

Юстиция министрлиги 50 компаниянын ишин токтотту

Юстиция министрлиги 50 компаниянын ишин токтотту

Юстиция министрлиги санкциялык тобокелдиктери жогору болгон операцияларга байланыштуу 50 юридикалык жактын ишин токтотуу тууралуу буйрук чыгарды. Министрликтин маалыматына ылайык, мындай чечим биринчи жолу кабыл алынып, жаңы мекемелер аралык тартиптин алкагында ишке ашырылды. Аталган механизм тышкы экономикалык ишмердүүлүктөгү ак ниетсиз катышуучуларды жана санкциялык тобокелдиктери бар операцияларды аныктоого багытталган. Компаниялардын тизмеси Экономика

Курман айт 27-майда белгиленет

Курман айт 27-майда белгиленет

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Курман айт майрамы 27-май күнү белгиленерин маалымдады. Курман айт - мусулмандар үчүн эң ыйык майрамдардын бири. Бул күнү курмандык чалуу салты аткарылат. Курман айт Орозо айттан 70 күндөн кийин белгиленет. Ай календары боюнча майрамдын датасы жыл сайын өзгөрүп, болжол менен 10 күнгө жылып турат. Кыргызстандын экономика,