Юстиция министрлиги 50 компаниянын ишин токтотту
Юстиция министрлиги санкциялык тобокелдиктери жогору болгон операцияларга байланыштуу 50 юридикалык жактын ишин токтотуу тууралуу буйрук чыгарды.
Министрликтин маалыматына ылайык, мындай чечим биринчи жолу кабыл алынып, жаңы мекемелер аралык тартиптин алкагында ишке ашырылды. Аталган механизм тышкы экономикалык ишмердүүлүктөгү ак ниетсиз катышуучуларды жана санкциялык тобокелдиктери бар операцияларды аныктоого багытталган.
Компаниялардын тизмеси Экономика жана коммерция министрлиги, ошондой эле санкциялык режимден качуу фактылары боюнча маалыматтарды караган башка мамлекеттик органдар тарабынан сунушталган.
Министрлик бул чаралар мыйзамдуулукту камсыздоо жана санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатканын белгиледи.