Жакынкы мезгилдеги берилчү гранттар — кантип, кайдан алса болот

Жакынкы мезгилдеги берилчү гранттар — кантип, кайдан алса болот

ИШКЕР MEDIA окурмандарына жакынкы мезгилдердеги берилүүчү гранттар, сынактар тууралуу маалымат берүүнү улантат. Төмөндө дедлайны жакынкы жай айларына туш келген бир канча сынактарга көңүлүңүздөрдү бурабыз.

КРнын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин долбоорлорунун конкурсу

  • Гранттын суммасы: 400 миң — 2 млн сом
  • Мөөнөтү (узартылган): 30-июль

Connect4pro булагынын берген маалыматына ылайык, КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык заказдын алкагында Мамлекеттик социалдык заказга ылайык, коомдук пайдалуу долбоорлорго сынак жарыялайт.

Сынактын катышуучуларына коюлуучу талаптар:

  1. Сынактын катышуучулары өз ишин жүзөгө ашырган коммерциялык эмес уюмдар (саясий партияларды кошпогондо) боло алышат.
  2. Сынактын жарыяланган темасы боюнча бир жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктор катыша алышат.
  3. Сынактын катышуучусу юридикалык жак катары катталууга жана банкта өзүнүн эсебине ээ болууга тийиш. Эгерде конкурстун катышуучусунун банктык эсеби жок болсо, ага тендердик документтер берилген күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде банк эсебин ачууга мүмкүнчүлүк берилет.

Кыргызпатенттен "40 райондон 40 демилге" долбоорлорунун конкурсу

Кыргызпатент "40 райондон 40 демилге" жаңы долбоорунун алкагында 1 млн сомго чейин инновациялык демилгелерди жана 500 миң сомго чейин стартаптарды каржылоого даяр экенин билдирди.

Тандоого катышуу үчүн 2023-жылдын 1-августуна чейин өтүнмөнүн формасын толтуруп, райондук мамлекеттик администрациялар аркылуу 40demilge@patent.kg электрондук дарек боюнча Кыргызпатентке тапшыруу керек.

Тандоонун тартиби жөнүндө жобо жана өтүнмөнүн формасын бул жерден алсаңыз болот.

  • Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышууга болот: 0312 680471, 0755 11 44 24.

Климаттык аракеттер фондунун долбоорлорунун сынагы

  • Гранттын суммасы: 5 млн — 25 млн доллар
  • Дедлайн: 31-июль

Климаттын кескин өзгөрүшүн жумшартуу боюнча иш-аракеттер фонду узак мөөнөттүү стратегияларды ишке ашыруу үчүн климаттын өзгөрүшүн азайтуу боюнча амбициялуу долбоорлорду каржылоону улантат.

Фонд негизинен үч артыкчылыктуу секторго — энергетикага, транспорт тармагына жана өнөр жайга багытталган. Климаттын өзгөрүшүн жумшартуу боюнча эң дымактуу жана ишке ашырыла турган долбоорлор төмөнкү этаптарды (фазаларды) камтыган комплекстүү процесс аркылуу колдоо көрсөтүү үчүн тандалып алынат: концепция, пландаштыруу, деталдуу даярдоо жана ишке ашыруу.

Кененирээк маалымат алуу үчүн бул жерден карасаңыз болот.

She Loves Tech

  • Гранттын суммасы: 500 миң доллар
  • Дедлайн: 17-август

She Loves Tech – бул аялдар жана технологиялар үчүн дүйнөдөгү эң чоң акселератор платформасы болуп саналат. Технологиялык стартапка болгон негизги талаптар: негиздөөчүсү аял, аны колдонуучу жана керектөөчүлөрдүн көпчүлүгү да аял болуп, аялдардын жашоосун жакшыртууга таасирин тийгизиши керек. Аталган долбоордун алкагында, катышуучулар сынактан өтүшөт, окушат жана андан кийин каржылоо алышат.

Бул ири акселереация тууралуу толук маалымат менен уюмдун өзүнүн сайтынан таанышууга болот.

Defence Tech Battle

  • Суммасы: приз (грант) 15 миң доллар
  • Дедлайн: 10-август

Долбоорго тапшырып каржылык колдоо, инвестиция, мамлекеттик келишимдерди жана 15 миң долларга чейин акчалай сыйлыктарды утуп алууга болот. Анда коргонуу тармагындагы ар түрдүү технологияларды, мисалы, акылдуу системалар жана робототехникаларды, киберкоргонуу жана тармактык технологияларды, жасалма интеллект жана коргонуу үчүн машиналык окууну, транспорт жана логистика үчүн автономдук технологияларды сунуштоого болот.

Defense Tech Battle жыйынтыгы боюнча калыстар тобу жеңүүчүлөрдүн 3 долбоорун тандайт:

  • Мыкты инновациялык коргонуу технологиясы
  • Коопсуздук жана коргоо үчүн эң мыкты чечим
  • Революциялык коргонуу чечими.

Арызды 10-августка чейин бул жерден берүүгө болот.

Awesome Foundation

  • Суммасы: 1000 доллар
  • Дедлайн: ай сайын

Эл аралык коом Awesome Amazing Foundation тарабынан 1 миң доллар кайтарымсыз грант алууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар, ал үчүн сиздин идея, стандарттуу эмес, укмуш сонун болушу керек.

Гранттар ай сайын берилет. Аны алууга ар кандай темалар боюнча кайрылууга болот. Арызды орус тилинде толтурса болот, бирок англис тилиндегилерге артыкчылык берилет. 6 млн доллардан ашык сумма 6 356 кызыктуу идеяларга бөлүнгөн.

Аталган фонддун маалыматтарын жеке сайтынан алууга болот.

Белгилей кетсек, жогоруда айтылган гранттарды кантип, кандай шартта алуу керектигин билүү үчүн бул жердеги адистерге кайрылууга да болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Шаньдун провинциясы кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Шаньдун провинциясы кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Президентинин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын ККП комитетинин катчысы Линь У менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда Кыргызстандын аймактары менен Шаньдун провинциясынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Тараптар транспорттук инфраструктура, энергетика, өнөр жай, айыл чарба жана логистика тармактарында биргелешкен

17-июнда Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт

17-июнда Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт

Бишкек шаарынын айрым аймактарында 17-июнь саат 09:00дөн 18-июнь саат 06:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэрия билдирди. Маалыматка ылайык, суу Көк-Жар суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт. Суу өчүрүлө турган аймактар: Темир жол линиясынан – Раззаков, Бөкөнбаев, Панфилов, Фрунзе, Гоголь, Жумабек, Сүйүмбаев, Осмонкулов көчөлөрү

Кыргызстандын БУУдагы демилгелери: мөңгүлөрдү сактоо, климаттын өзгөрүшү

Кыргызстандын БУУдагы демилгелери: мөңгүлөрдү сактоо, климаттын өзгөрүшү

Гкерманияда БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Бонн процесси алкагында президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова баштаган Кыргызстандын делегациясы глобалдык климаттык сүйлөшүүлөрдө тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча иштерге катышууда.  Президенттин расмий сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, Кыргызстандын демилгеси менен “Тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык диалог” өткөрүлдү.

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күнгө газ өчүрүлөт

16-18-июнь күндөрү Бишкек шаарындагы төмөнкү басымдагы жер астындагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. "Бишкекгаз" кызматынын маалыматына ылайык, газ берүү ЧЧК, КЧК, Коммунаров, Жаз, Алтын-Бешик, Мыскал, Мидин, Насыйкат, Хмельницкий, Новосельская, Аул жана Широкий көчөлөрүндө убактылуу токтотулат. "Бишкекгаз&