Интеллектуалдык менчик укуктар кантип корголот жана аны коргоо эмне үчүн маанилүү

Интеллектуалдык менчик укуктар кантип корголот жана аны коргоо эмне үчүн маанилүү

Компаниянын интеллектуалдык менчик укуктары анын жалпы наркынын олуттуу бөлүгүн түзүшү мүмкүн. Андыктан аны коргоо стратегиясын билүү маанилүү экенин мамлекеттик органдардын маалымат булактарына таянып айтып беребиз.

Интеллектуалдык менчик кичинекей компанияларда да маанилүү ролду ойной алат. Бул улуттук жана эл аралык рыноктордо стратегиялык артыкчылыктарды жараткан маанилүү кошумча нарк фактору болуп саналат.

Тажрыйба көрсөткөндөй, ийгиликтүү продуктулар, адатта, көчүрүлөт. Ошондуктан интеллектуалдык менчикти кантип башкарууну компанияңыздын стратегиялык процессине эртерээк киргизүү маанилүү.

  • Интеллектуалдык менчик – ачылышка, ойлоп чыгарууга, илим, адабият, искусство чыгармаларына жана башкалар интеллектуалдык чыгармачылык эмгектин үзүрүнө ээлик. Эл аралык практикада кара ниет атаандаштыкка каршы коргоого алынуучу адабий, көркөм, илимий, маектештик чыгармаларга, өнөрпоздордун аткаруучулук ишмердигине, үн жазууга, радио берүүлөргө жана телекөрсөтүүлөргө, адам ишмердигинин бардык чөйрөсүндөгү ойлоп табууларга, илимий ачылыштарга, өнөр жай үлгүлөрүнө, товардык белгилерге, тейлөө белгилерине, фирмалык аталыштарга, ошондой эле өндүрүштүк, илимий адабий жана көркөм чөйрөдөгү жеке ишмердикке кирүүчү укуктар Интеллектуалдык менчик деп түшүнүлөт. Интеллектуалдык менчик автордук укук, өнөр жайлык менчик, илимий менчик деп бөлүнөт.
  • Эсиңизде болсун: ойлоп табуу ачыкка чыккандан кийин, аны коргоого болбойт.
  • КРдагы интеллектуалдык менчикти коргоонун укуктук негиздери улуттук мыйзамдарды жана КР тарабынан кол коюлган же ратификацияланган эл аралык макулдашууларды камтыйт.

Патент канча убакытка ким тарабынан берилет?

Кызматтык ойлоп табуу – эгерде ал жаңы, ойлоп табуучулук деңгээлге ээ жана өнөр жайында колдонууга жарамдуу болсо, коргоого алынууга тийиш. Кызматтык ойлоп табууга патент Кыргызпатентке тийиштүү арыз берилген күндөн тартып 20 жылдын аралыгында аракетте болот. Фармацевтикалык кызматтык ойлоп табууга патент анын ээсинин талабы боюнча 5 жылдан көп эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

Пайдалуу модель – эгерде ал жаңы жана өнөр жайында колдонууга жарамдуу болсо, корголууга тийиш. Пайдалуу моделге патент Кыргызпатентке тийиштүү арыз берилген күндөн тартып 5 жылдын аралыгында аракетте болот жана патент ээсинин талабы боюнча 3 жылдан көп эмес убакытка узартылышы мүмкүн.

Өнөр жай үлгүсү – эгерде ал жаңы жана оригиналдуу болсо, корголууга тийиш. Өнөр жай прототибине патент Кыргызпатентке тийиштүү арыз берилген күндөн тартып 10 жылдын аралыгында аракетте болот жана патент ээсинин талабы боюнча 5 жылдан көп эмес убакытка узартылышы мүмкүн.

Интеллектуалдык менчик укугу кантип корголот?

ИМ укугунун ээси туура эмес конкуренцияны токтотуу үчүн Мамлекеттик монополияга каршы органга кайрыла алат. Бул органдын чечими (буйрутмасы) КРнын бардык территориясында толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттө милдеттүү болуп саналат. Аталган мекеменин чечимине (буйругуна) макул эмес жактар бул тууралуу сотто даттана алышат.

Административдик жоопкерчилик кодекси интеллектуалдык менчик укугун бузуулар үчүн жаза катары административдик айыппулдарды салат. Сот бул жаатта административдик укук бузууларды кароочу компетенттүү орган болуп саналат. Интеллектуалдык менчик укугун бузуулар үчүн кылмыштык жоопкерчилик КРнын Кылмыш кодекси тарабынан орнотулган. Ушундайча, интеллектуалдык менчик укугун бузуулар түрмөгө камоого чейинки санкциялар менен жазаланат.

Жалпы эрежеге ылайык, интеллектуалдык менчик укуктары сот тарабынан корголот. Бул талаштар мамлекеттик соттордун юрисдикциясына өткөрүлөт.

ИМ стратегиясын иштеп чыгууга кимдер жардам бере алат?

Коопсуздук стратегияңызды аныктоого жана ишке ашырууга жардам берүү үчүн компанияңыздын ичиндеги жана сыртындагы эксперттерге кайрылууга болот.

  • Материалдык эмес активдер менен тааныш болгон соода маркасынын эксперттери, патенттик ишенимдүү өкүлдөр жана компаниянын консультанттары стратегияңызды аныктоого жардам берет.
  • Башка өлкөлөрдөгү эксперттер интеллектуалдык менчигиңизди (изилдөө, өндүрүш жана чет элдик рынокторуңузда) баалоого жардам бере алышат жана керек болсо жергиликтүү деңгээлде кийлигише алышат.
  • Юристтер сиздин укуктарыңызды коргоого жардам берет.

  • Эгерде Экономика жана финансы министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатенттин) милдеттери, фунциялары тууралуу окугуңуз келсе, бул шилтемеге кириңиз.
  • Интеллектуалдык менчикти коргоо стратегиясы тууралуу маалымат менен бул жерден таанышсаңыз болот.
  • Ал эми ЕЭКтин алкагында интеллектуалдык менчик чөйрөсү кандай багыттарды камтый турганын бул шилтемеден окуса болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстанда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл системасын чыңдоо боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, 2026-жылы АКШ өкмөтү каржылаган EpiC долбоорунун колдоосу менен өлкөнүн 49 районунан 275 адис I-EPID электрондук эпидемиологиялык көзөмөл системасын колдонуу боюнча окуудан өттү. Мындан тышкары, кара тумоо, күйдүргү,

Ишкер Media
Ала-Букада чек арачыларга 31 миллион сомго турак үй курулду

Ала-Букада чек арачыларга 31 миллион сомго турак үй курулду

26-октябрда Ала-Бука районунун Ызар айылында "Баймак - автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматчылары үчүн курулган жаңы турак үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ала-Бука Райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Ачылыш аземине Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Мирзамир Сыдыков, район акими Темирболот Абыкеев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү

Ишкер Media
Караколдо 530 ипотекалык батир ноябрда бүтөт

Караколдо 530 ипотекалык батир ноябрда бүтөт

Каракол шаарындагы "Хан-Теңири" турак жай комплексинин экинчи этабынын алкагында курулуп жаткан 530 батир ноябрь айында бүткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда 530 батирден турган 6 турак жай блогунун курулушу аяктоо алдында турат. Туманбаев

Ишкер Media
Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткен облусунда "Жаштардын достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык" аталышындагы эл аралык жаштар форуму өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чара жаш кол өнөрчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен башталды. Форумдун расмий бөлүгү Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өттү. Ага Кыргызстандын,

Ишкер Media