Кыргызстан биткоин майнингинин кирешеси боюнча алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирди – рейтинг

Кыргызстан биткоин майнингинин кирешеси боюнча алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирди – рейтинг

Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн арасынан санариптик активдерди "үй шартында" табуу кирешеси боюнча алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кирген жалгыз өлкө болду. Бул тууралуу адистештирилген Coingecko басылмасынын маалыматында айтылат.

Жарыяланган маалыматтарга ылайык, КРда бир биткоинди [1 BTC] тиричилик масштабында табуу үчүн энергетикалык компанияларга 2660 доллар төлөнүш керек. Ушундай көрсөткүчтөргө ээ болгон өлкө Ливия менен алтынчы орунду ээледи.

"Эгерде биткоиндин курсу 26 120 долларды түзгөн жабдууларды сатып алуунун баасын эсепке албасак, Кыргызстанда ар бир BTCди өз алдынча иштетүүдөн түшкөн пайда 23 460 долларга жетет",деп белгилешти изилдөөнүн авторлору.

Биткойндун майнингине эң ыңгайлуу шарттарга ээ болгон 10 алдыңкы өлкөлөргө электр энергиясына кеткен чыгым аз болгондуктан Африка менен Азияда жайгашкан мамлекеттер кирет.

Европа өлкөлөрү криптовалюталарды казуу үчүн эң кымбат болуп саналат.

Рейтингдин авторлору бул өлкөлөрдө майнингдин баасынын жогору болушун энергетикалык баанын өсүшү, COVID-19 пандемиясынын жана өсүп жаткан эл аралык суроо-талаптын фонунда пайда болгон электр энергиясынынын дүң баасынын дүйнөлүк өсүшү менен байланыштырышкан. Мындан тышкары, изилдөөчүлөр Евробиримдиктин кээ бир мүчө-мамлекеттерине газ берүүнү токтотууга алып келген орус-украин чатагын жана натыйжада аймактагы биткоинди табууну пайдасыз кылган электр энергиясынын рекорддук баасынын себеби менен байланыштырышты.

1 биткойнду таап алуу үчүн чарбалык электр энергиясына сарпталган чыгымдарды чагылдырган өлкөлөрдүн толук тизмесин төмөндө тапса болот.

Эске салсак, КРда 2020-жылдын 1-августунан тартып криптовалютаны иштетүү менен алектенген жеке ишкерлер үчүн майнингге салык киргизилген.

Майнинг салыгы КНСти жана сатуудан түшкөн салыкты кошкондо, майнинг учурунда керектелген электр энергиясы үчүн чегерилген суммалардын негизинде түзүлөт. Салык ставкасы 15% өлчөмүндө белгиленген.

Майнинг субъекттери үчүн электр энергиясына жогорулатылган тариф кВт/саат үчүн 5.04 сом өлчөмүндө (салыктарды эсепке албаганда) белгиленген.

Майнингден он айда бюджетке дээрлик 11 млн сом салык түштү
Майнингден түшкөн салыктын эсебинен январь-октябрь айларында республикалык бюджет 10 млн 587.2 миң сомго көбөйдү. Мындай маалыматты Финансы министрлиги берди. Кыргызстанда 2020-жылдын 1-августунан тартып криптовалюта менен алектенген жеке ишкерлер үчүн майнинг салыгы киргизилген жана ал киреше…

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоп-түзөө иштери башталат

Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоп-түзөө иштери башталат

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Бишкек –Кант унаа жолуна барып, жолдун учурдагы абалы жана транспорт агымы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министрге тиешелүү кызматтар тарабынан маалымат берилип, жол кыймылынын коопсуздугун

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

24-июндан тарта Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы транспорттук жол түйүнүн жана көпүрөнү куруу иштеринин экинчи этабынын алкагында аталган кесилиш унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун биринчи этабында Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин Бакаев көчөсүн улап ачуу

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ош шаарында коомдук транспорттун каттамдык багыттарын кайра кароо боюнча комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев төрагалык кылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, жыйында шаар чоңоюп, калктын саны көбөйүп жатканы айтылды. Жаңы конуштар, жаңы көчөлөр пайда болду, жолдор өзгөрдү. Борбордук базар жаңы

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы тарабынан шаар четиндеги жана шаар аралык автобус каттамдарында “Бакай Банк” ЖАКтын QR-коддору аркылуу накталай эмес жол кире төлөө системасы пилоттук режимде ишке киргизилди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, учурда жаңы төлөм системасын этап-этабы менен киргизүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында программалык камсыздоо,