Алматыдан Ысык-Көлгө курулуучу жаңы жол Казакстандын экономикасына зыянын тийгизиши мүмкүн — казак басылмалары

Алматыдан Ысык-Көлгө курулуучу жаңы жол Казакстандын экономикасына зыянын тийгизиши мүмкүн — казак басылмалары

Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаевдин эксклюзивдүү маегин талдап чыккан Казакстандын Karavan.kz басылмасынын журналисттери Алматыдан Ысык-Көлгө жолду куруу "Казакстандын экономикасына зыян келтириши мүмкүн" деген корутундуга келишти.

Эске сала кетсек, Текебаев Кыргызстан Казакстандын түштүк борборун Ысык-Көл менен байланыштырган жол боюнча долбоорду ишке ашыруу чечилгенин белгилеген. Министрдин айтымында, өлкөлөр ортосундагы экономикалык аралыкты кыскартууга, ошондой эле товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүүгө мүмкүндүк берүүчү ЦАРЭС (БАРЭК - Борбор Азия региондук экономикалык кызматташтык) программасынын алкагында Азия өнүктүрүү банкы эки мамлекетке Алматы – Узунагаш – Жаңы Кастек каттамын курууну сунуштап, долбоордун укуктук, алдын ала техникалык жана каржылык экспертизасын бүтүргөн.

"Чындыгында бул долбоор Ысык-Көлгө жол куруу боюнча алтынчы вариант болуп саналат. Биринчи жана экинчи долбоорлордо Алматыдан Чолпон-Атага түз каттам курулган. Бирок алар кароо этабына дагы жете элек. Үчүнчүсү, 2006-жылы көтөрүлүп, Алматы – Узынагаш – Быстровка – Балыкчы – Чолпон-Ата каттамындагы жолдун курулушун камтыган. Бешинчиси төртүнчүсүнүн варианты болгон – Узынагаштан Бишкек –Чолпон-Ата автожолу өткөн Кеминге чейин пландалган. Азыр алтынчысы болсо айлана-чөйрөнү коргоо зоналарынан өтөт.
Долбоорлордун мындай татаал келишими бул жолдун Казакстанга экономикалык пайда алып келбесин көрсөтүп турат. Андан да Казакстандын экономикасына олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Ал биринчи кезекте Алматы, Жамбыл жана Жетису областтарына тиет", – дейт казакстандык ЖМК.

Журналисттер бул долбоордон негизги пайда көргөн Кыргызстан болот деген пикирде.

"Саякаттын жеңилдеши туристтердин агымын көбөйтөт. Бул Алматыга жанаша жайгашкан эс алуу зоналары туристтерди жоготот дегенди билдирет. Чет элдик туристтерге багытталган тейлөө өнүкпөйт. Ысык-Көлдүн негизги атаандаштары Алакөл жана Балхаш болуп эсептелет. 2022-жылы Алакөлгө 750 миң турист келген. Алар кыргыз бермети өз убагында басып өткөн жолду бүгүн кайталап жатышат. Бирок азыр Кыргызстанга туристтерди жеткирүүнүн арзан жана тез жолу пайда болсо, анда бул эки долбоор жөн эле жок болот. Ал эми каттамдын ачылышы менен көлдөгү эс алуу жыл бою боло берет", – деп айтылат басылмада.

Ошол эле учурда долбоордун ишке ашырылышы менен Казакстандын журналисттеринин айтымында, Ысык-Көл облусунун эт-сүт азыктарын өндүрүүчүлөр жана жашылча-жемиш экспорттоочулары да экономикалык пайда алышат.

"Жүктөрдү кымбат ташуулар бул товарларды Бишкекте деле атаандаштыкка жараксыз кылат. Ал эми "кыска жеткирүү маршрутунун" пайда болушу аймактын экономикасына жаңы дем берет. Алматы базары Ысык-Көлдүн бардык продукциясын "жеп" коет. Ысык-Көлдө рентабелдүү болгон тез бузулуучу продукцияны өстүрүү жана кайра иштетүү өнүгөт. Ал эми бул Алматы облусунун өнүгүүсүн басаңдатат", — дейт Karavan.kz медиа-порталы.
Кыргызстандын жол тармагындагы эң ири долбоорлор — министр Тилек Текебаев менен эксклюзивдүү маек
КР Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Economist.kg финансы басылмасына берген эксклюзивдүү маегинде жол куруу тармагындагы негизги долбоорлорго токтолду. — Тилек Кыдырмаевич, бүгүнкү күндө өлкөдө бир нече ири автомагистралдар салынып жатат, алардын эң негизгиси биздин оюбузча ал…

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда жыл башынан бери суусундук өндүрүү 34,5%га өстү

Кыргызстанда жыл башынан бери суусундук өндүрүү 34,5%га өстү

Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча тамак-аш жана суусундук өндүрүшү олуттуу өсүштү көрсөттү. Улуттук статистика комитети маалыматына ылайык, тамак-аш продуктыларын, суусундуктарды жана тамекини кайра иштетүүнүн жалпы көлөмү 25 млрд 617,1 млн сом болду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,9% өсүштү көрсөтөт. Негизги көрсөткүчтөр: * Тамак-аш өндүрүшү — 17,55

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Жумгал районунда "Опузалап талап кылуу" жана "Алдамчылык" фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран колго түштү. Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлагандай, буга чейин Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну, 1998-жылы туулган жаран өз үйүнүн короосундагы сарайда асынып каза болгон факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги 10-мартта Евразия экономикалык комиссиясына расмий кайрылуу жолдогону ЕАЭБ порталында жарыяланган. Россия тараптын пикиринде, Кыргызстанда айыл чарба балыктары үчүн тоюттарга карата кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча артыкчылыктуу шарт түзүлгөн. Тактап айтканда, жергиликтүү өндүрүштөгү тоюттар үчүн башка ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген продукцияга салыштырмалуу жеңилдик берилген деп эсептелүүдө. Маалыматка ылайык,

Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакожоев дайындалды

Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакожоев дайындалды

Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакжоев  дайындалды. Ж.Субакожоев буга чейин Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат районунун акими болуп иштеген. Эске салсак, Шопоков шаарынын мэринин милдетин Абдимиталип уулу Абдинасир аткарып келе жаткан. Шопоков шаары Сокулук районуна караштуу. Шаар башчысы Сокулук районунун акимине баш ийет.