Орус бренддери кийим өндүрүшүн Борбор Азияга көчүрүүдө – Кыргызстанда кимдин коллекциялары тигилет?

Орус бренддери кийим өндүрүшүн Борбор Азияга көчүрүүдө – Кыргызстанда кимдин коллекциялары тигилет?

Россиялык бренддер КМШ өлкөлөрүндө, негизинен Борбор Азияда кийим тиге баштады. Бул жерде өндүрүш Кытай же Түркияга караганда арзан жана логистика дагы оңой. Бул тууралуу россиялык "Известия" басылмасы жазып чыкты.

"Известия" жазгандай, мурда РФнын кийим өндүрүүчүлөрү коллекцияларын негизинен Кытайдын фабрикаларында чыгарып келишкен. Бирок, азыр ал жакта товарларды жеткирүү убактысы узарып, тигүү баалары жана логистикалык чыгымдар көбөйүп жатат. Бул тууралуу басылмага Melon Fashion Group (Зарина, Befree, Love Republic жана Sela бренддери), I Am Studio жана "Снежная королева" билдирди. Акыркысы Кыргызстандын ишканаларына буйрутмаларынын бир бөлүгүн бере баштады.

"Учурда Кыргызстан компаниябыз үчүн логистика жана эркин өндүрүш кубаттуулуктары, ошондой эле арзан баалар жагынан ыңгайлуу болгон жаңы багыт болууда. Буюртмаларды жергиликтүү фабрикаларга берүү бүтүндөй жеткирүү чынжырында чыгымдарды оптималдаштырууга мүмкүндүк берет жана баанын көтөрүлүшүн токтотот", деди "Снежная королева".

Ал эми Melon Fashion Group Өзбекстанда тигилген буюртмалар көбөйгөнүн тастыктады. I Am Studio бренди азыр ал жерде жынсы коллекцияларын тигип чыгарууда.

"Известияга" Борбор Азияга берилген буюртмалардын көбөйүшү боюнча комментарий берген Fashion Consulting Group (FCG) агенттигинин маалыматы боюнча, россиялык компаниялар үчүн тигүү көлөмүнүн өсүшү өлкөлөр боюнча бирдей эмес. Өзбекстандын, Казакстандын жана Тажикстандын тигүүчүлөрү кырдаалды эң жакшы пайдаланышып, көп тигип чыгарууда, ал эми Кыргызстанда кардарлардын көлөмү азыраак.

"КМШ өлкөлөрүнүн фабрикаларында тигүүчүлүктүн артыкчылыктарынын арасында технологиялык жактан өнүккөн тигүү жана трикотаж өндүрүшү, өндүрүүчүлөрдүн субсидияларынын болушу, бул бизге арзаныраак өндүрүштүк чыгымдарды алууга мүмкүндүк берет бул Кытай, Түркия жана РФга салыштырмалуу 20–50%га төмөн. Бул чекене сатуучуларга ал жерде өндүрүлгөн кийимдерди арзан баада сатууга мүмкүндүк берет", деди FCG CEO Анна Лебсак-Клейманс.

Ошондой эле КМШ заводдорунда өндүрүш убактысы аз жана тездетилген логистика да бар, мындайча айтканда, ал үч күндөн 20 күнгө чейин гана болот. Бул өлкөлөрдө рубль менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот, бул дагы өзгөчө маанилүү. Мындан тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрүндө жеңилдетилген бажы шарттары бар: продукцияны РФга алымдарсыз же жеңилдетилген тарифтер менен алып кирүүгө боло тургандыгын басылманын аналитиги билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

Бүгүн, 12-февралда Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКнын үлүш ээлери менен “Кудайберген” турак жай комплексинин курулуш объектисинде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттин жетекчилери жана компаниянын үлүш ээлери катышты. Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы жана 12 киши

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд 90дон ашык өлкөнүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартышы мүмкүн экенин Bangkok Post гезити жазды. Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара падышалыктын туристтик тармагына терс таасирин тийгизбеши керек, анткени чет элдик туристтердин көпчүлүгү өлкөдө орточо эсеп менен бир айдан аз убакыт болушат.

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча майнерлер 213,2 млн кВт⋅саат электр энергиясын керектешкен (-2,4%). Бул маалымат Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттун талдоосунан белгилүү болду. Салыштыруу үчүн: 2024-жылы электр энергиясын керектөө 218,5 млн кВт⋅саатты түзгөн. Кызматтын маалыматына ылайык, 2025-жылы майнерлер Кыргызстандын бюджетине 206,17