Мадина базарынын ээси тууралуу эмнелер белгилүү?

Мадина базарынын ээси тууралуу эмнелер белгилүү?

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, "Мадина" базарынын ээси Турсунтай Салимов ушул жылдын 8-октябрында УКМК тарабынан кармалган. УКМК аны кармоо учурунда атылып өлтүрүлгөн криминалдык авторитет Камчы Көлбаев менен туугандык байланышы бар деп белгиледи. Салимовго уюшкан топ түзгөн же ага катышкан деген айып тагылган. Буга байланыштуу анын кайсы компаниялар менен байланышы бар экени төмөндө баяндалат.

Турсунтай Салимов 1956-жылы 28-июнда Чүй районунун Арашан айылында туулган. №53 мектепте, андан кийин Совет бийлигинин техникумунда окуп, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн. 1990-жылдары Салимов "Мадина" базарын негиздеген. 2010-жылы СДПК фракциясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын катарында болгон. Анын беш баласы бар: кызы Мадина жана төрт уулу – Илшат, Ильяс, Ильзат жана Эркен.

Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, Салимов "Мадина групп", "Карион ЗИЛ" жана U.K.Group деген үч компаниянын негиздөөчүсү катары катталган: Ал ошондой эле Кыргызстандагы уйгурлардын "Иттипак" коомдук бирикмесинин жетекчиси.

"Мадина групп" компаниясынын директору Анвар Таиров, негиздөөчүлөрүнүн тизмесинде Аблеким Салимов, Шаукет Тохтиев жана Нурмухамед Салимовдор да бар. Негизги ишмердүүлүгү — жеке кыймылсыз мүлктү ижарага берүү болуп саналат. "Карион ЗИЛ" ишканасынын директору Акбар Рыскулов, уюштуруучулары Курманбек Кубатбеков. Компаниянын негизинен туристтик агенттик ишмердүүлүгү менен алектенет.

Юстиция министрлигинин ушул эле маалыматы боюнча, U.K Group компаниясынын жетекчиси Уйгур Абдул Гаффар катталган. Негиздөөчүлөрү Кубанычбек Сапаков жана Шаукет Тохтиев. Компания тамак-аш азыктарын, анын ичинде суусундуктарды жана тамеки буюмдарын адистештирилбеген дүң соода менен алектенет.

Эске сала кетсек, Салимов кылмыштуу топторго тынымсыз демөөрчүлүк кылган жана атаандаштарын коркуткан деп айыпталууда. Салимов узак убакыт бою криминалдык авторитет менен тыгыз байланышта болуп, алар үчүн мыйзамсыз каржылык каражаттарды көбөйтүп, алардын топторунун жашоосуна колдоо көрсөтүп келгени айтылат.
“Мадина” базарынын ээси атаандаштарын коркутуп, кысым көрсөткөн – УКМК
“Мадина” базарынын ээси, ЖКнын экс-депутаты Турсунбай Салимов кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүнө дайыма демөөрчүлүк көрсөткөн. Бул тууралуу УКМК билдирди. Тергөөнүн маалыматына ылайык, Салимов мурдагы жана азыркы криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен узак убакыт бою тыгыз байланышта болуп, алардын мыйз…

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар. Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт. 3-орунда 283 млрд доллар

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

24-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда Досматов Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келерин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ыраазычылык билдирди.