Россия кыргыз медицинасына жаңы сапат бере турган ядердик медицина борборун түзөт

Россия кыргыз медицинасына жаңы сапат бере турган ядердик медицина борборун түзөт

Россиянын “Росатом” атомдук энергиясы боюнча мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачев кечээ Кыргызстан менен Россиянын ядердик чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлор тууралуу айтып берди.  

“Ядердик медицина көз караш жагынан биз МАГАТЭ менен биргеликте бир долбоорду ишке ашырдык жана Кыргызстан саламаттык сактоосуна жаңы сапат бере турган ядердик медицина борборун түзүү долборуна кириштик”,-деген билдирүү кылды ал.

Ал Ысык-Көл облусунда ишке ашырыла турган шамал электр станциясынын аянтына жабдыктардын биринчи компоненти алып келингенин кошумчалап, учурда Кыргызстанда чакан модулдук генерацияны түзүү терең каралып жатканын ортого салды. 

“Росатом” башкы директору ядердик калдыктарды рекультивациялоо Кыргызстан менен кызматташуунун негизи экенин баса белгиледи. “Бул советтик атомдук долбоорду ишке ашыруу – 5 атом иштетүү калдыгы коопсуз абалга келтирилди, дагы 3өө кезекте турат. Бул багытта кыргыз компаниялары активдүү иштеп жатышат”,-дейт А. Лихачев. 

Мындан тышкары окуңуз

Россияда ири маркетплейстер текшерилип жатат

Россияда ири маркетплейстер текшерилип жатат

Өткөн жылдын аягынан бери Россиянын Эмгек жана иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык кызматы  Wildberries, Ozon жана Яндекс Маркет сыяктуу ири маркетплейстерге масштабдуу текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Тийиштүү тапшырманы 2025-жылдын 10-декабрында Россиянын вице-премьери Татьяна Голикова берген. Бул документ менен "Коммерсантъ" басылмасы таанышкан, ал эми анын чын экенин жогоруда аталган

Кыргызстанда 34 айылды бийик тоолуу аймактар тизмесинен чыгаруу сунушталды

Кыргызстанда 34 айылды бийик тоолуу аймактар тизмесинен чыгаруу сунушталды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев буга чейин бийик тоолуу аймактарга кирген айылдарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн Өткөөл мезгил жөнүндө убактылуу жобо бекитүү тууралуу токтомго кол койду. Документтин нускамасында Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 23-октябрындагы № 692 токтому менен бийик тоолуу зоналарда жайгашкан айылдардын тизмеси бекитилгени белгиленген. Ага ылайык, кыргыз өкмөтүнүн 1997-жылдагы № 377

Кыргызстанда 2025-жылы интернет шылуундар 826,4 млн сомду алдап алышкан

Кыргызстанда 2025-жылы интернет шылуундар 826,4 млн сомду алдап алышкан

Кыргызстанда ушул тапта дроппер иши боюнча 171 кылмыш иши козголуп, 226 адам дропперлик кылган деп шек саналып жатканын ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеӊештин 12-марттагы отурумунда айтты. Ал айрымдар сим-картасы же банк эсеби шылуундук иштерге колдонуларын билип туруп сатып жиберген учурлар бар экенин кошумчалады. Анын сөзүнө караганда,

Фискалдык программа долбооруна мончо, сауна жана фастфуд кошулду

Фискалдык программа долбооруна мончо, сауна жана фастфуд кошулду

Мамлекеттик салык кызматы фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоордун катышуучуларынын тизмеси кеңейтилгенин билдирди. Эми пилоттук долбоорго мончо жана сауна кызматтарын көрсөткөн ишкерлер, ошондой эле бирдиктүү бренд алдында иштеген коомдук тамактануу ишканалары жана тез тамактануу жайлары да кошулду. Мындан тышкары, жогоруда аталган категорияларга кирбеген салык төлөөчүлөр да Салык кызматы менен