Кыргызстанда 2025-жылы кайсыл тасмалар "акчалуу" болду?

Кыргызстанда 2025-жылы кайсыл тасмалар "акчалуу" болду?

2025-жылы кыргызстандык фильмдер "Синематика" кинотеатрлар тармагынын дүң кирешесинин 46%ын камсыздаганын Kaktus.mediaга тармактын коммерциялык директору жана КРнын кинотетр кожоюндары ассоциациясынын төрагасы Гулькаир Тиленбаева билдирип, кыргыз киносуна болгон позициялардын чыңдалып жатканын белгиледи.

Жаңылыктарга ылайык, январдан декабрга чейин төрт кинотеатрда эң көп киреше тапкан фильмдер:
  • "Зверополис-2"
  • "Напарниктер-3"
  • "Формула-1"

"Ошондой эле кыргызстандык "Ашыгым", "Керексиң" жана "Битир" фильмдери да жакшы көрсөткүчтөргө ээ болду",- деп кошумчалады Тиленбаева.

Ал белгилегендей, "Зверополис-2" IMAX форматында көрсөтүлөт, анда билет баасы кымбатыраак: бир билет кыргыз фильминин эки билетинин баасына тете болушу мүмкүн.

"Кинотеатрлар тармагындагы касса маалыматы сатылган билеттердин жалпы баасын көрсөтөт. Бирок көрүүчүлөрдүн саны боюнча, чет өлкөлүк жана кыргыз фильмдери бирдей деңгээлде", — дейт ал. Ал кыргыз киносу өлкөдөгү прокат базарында олуттуу үлүшкө ээ экенин жана көрүүчүлөрдүн улуттук киного кызыгуусу жылдан жылга өсүп жатканын белгиледи.

Эгер өлкө боюнча карасак, "Кыргызтасс" маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын абсолюттук лидери — "Кудай сактасын", экинчи орунда — "Битир", үчүнчү орунда — "Керексиң". Андан кийин "Напарниктер-3" жана "Каражаным" фильмдери турат.

2024-жылы эң ийгиликтүү фильм "Бейиш эненин таманында" болуп, андан кийин "Аяш 4", "Моана-2", "Веном-2" жана "Такси" фильмдери келген.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Кече Бишкек шаарынын мэриясында шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев менен Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николя Файдын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын модернизациялоо жана коомдук транспорттун заманбап түрлөрүн өнүктүрүү келечеги талкууланды. Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Франциянын делегациясынын өкүлдөрү жана

Ишкер Media
Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Экономика жана коммерция министрлиги акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды, ошондой эле жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтарды камтыган бирдиктүү реестрди бекитүүнү коомдук талкууга сунуштады.  Документ мамлекеттик кызматтар тууралуу маалыматтарды системалаштырууга, аларды көрсөтүү шарттарынын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана реестрди үзгүлтүксүз жаңыртып турууга багытталган. Маалыматка ылайык, реестрге кызматтын аталышы, аны көрсөтүүгө жооптуу

Ишкер Media
Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоого багытталган Жарлыкка кол коюлду

Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоого багытталган Жарлыкка кол коюлду

Президенти Садыр Жапаров “Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоонун укуктук кепилдиктерин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлык салык системасын өркүндөтүүгө, ак ниет салык төлөөчүлөрдүн укуктарын коргоону күчөтүүгө жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Документтин негизги максаты — мамлекеттин кызыкчылыктары менен ишкерлердин укуктарынын ортосундагы адилеттүү тең салмактуулукту камсыз кылуу

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы жана Мамлекттик чек ара кызматына жаңы жетекчилер дайындалды

Мамлекеттик бажы жана Мамлекттик чек ара кызматына жаңы жетекчилер дайындалды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп Улан Кимсанов дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кимсанов буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген.   Улан Кимсанов - 1995-жылы Кыргыз тоо-кен жана металлургия институтун пайдалуу кендерди жер

Ишкер Media