Урматтуу Ишкер медианын окурмандары!

Урматтуу Ишкер медианын окурмандары!

Сиздерди келе жаткан, жаңы 2026-жылыңыздар менен куттуктайбыз!

Өткөн жыл ар бирибиз үчүн турмуштук сабактарга, изденүүлөргө жана маанилүү чечимдерге бай жылдардын бири болду. Ал эми кирип келе жаткан жаңы жылыбыз андан калышпаган, өлкөбүздүн экономикасын бекемдеген, ишкердик чөйрөнү кеңейтип, инвестициялык климатты жакшырткан жылдардан болот, деп ишенебиз.

Ар бир ишкердин аракети жыйынтык берип, жаңы долбоорлор ишке ашып, элдин жашоо-турмушу жогоруласын. Сиздерге бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз. Кыргызстаныбызда токчулук, молчулук, ынтымак жана тынчтык болсун!

Ишкер медиа сиздерге мындан ары да ишенимдүү, так жана актуалдуу маалымат менен камсыз кылуусун уланта берет. Биз менен болуңуздар!

Жаңы жылыңыздар менен!

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Баткенде курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Баткен районунун Самаркандек айыл аймагында ишке ашырылып жаткан “Таза-Суу” долбоорунун курулуш объектисинде мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Атап айтканда, курулуш иштеринин көзөмөлгө алынуучу негизги этаптары тиешелүү тартипте кабыл алынып, тапшырылган эмес. Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Инженерная Защита" ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүлүп, мыйзам

Кыргызстанда чийки сүттүн базалык баасын аныктоо маселеси талкууланды

Кыргызстанда чийки сүттүн базалык баасын аныктоо маселеси талкууланды

Кечээ Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлү менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жолугушуу Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-декабрындагы №724 “Чийки сүткө базалык бааларды белгилөө жөнүндө” токтому менен бекитилген чийки

Жыл башынан бери 3 кайра иштетүүчү ишкана жана 1 логистикалык борбор ишке берилди

Жыл башынан бери 3 кайра иштетүүчү ишкана жана 1 логистикалык борбор ишке берилди

2026-жылдын январь айында кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары тарабынан 8 млрд 91,6 млн сом суммасында тамак-аш азыктары, суусундуктар жана тамеки буюмдары өндүрүлдү. Физикалык көлөмдүн индекси 113,6 % түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары , айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. 2026-жылга карата планга ылайык республика боюнча 75 кайра

Ашууларда каттам үзгүлтүксүз: жол тазалоо иштери жүргүзүлүүдө

Ашууларда каттам үзгүлтүксүз: жол тазалоо иштери жүргүзүлүүдө

12-мартка карата өлкө аймагындагы автоунаа жолдорунда абал туруктуу. Бардык унаалар үчүн чектөөлөр жок, жергиликтүү жана эл аралык маанидеги автожолдордо каттам үзгүлтүксүз уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Учурда төмөнкү негизги автожолдордо жана ашууларда жолдор ачык: * Ош–Сары-Таш–Эркечтам автожолунун Чыйырчык, Талдык, Тон-Мурун ашуулары * Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка