13,5 тонна алтын, 23 тонна акча топтогон Гуанчжоу шаарынын экс-мэри өлүм жазасына тартылды

13,5 тонна алтын, 23 тонна акча топтогон Гуанчжоу шаарынын экс-мэри  өлүм жазасына тартылды

Кытайдын Гуанчжоу шаарынын мурдагы мэри Чжан Ци коррупция, жасалма акчаны колдонгондугу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн өлүм жазасына тартылганын жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришкен.

Маалыматтарга караганда, анын үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 13,5 тонна алтын жана 23 тонна акча табылган, бул жалпы 286 миллиард юанга барабар.

"Тергөө учурунда белгилүү болгондой, бул миллиарддаган долларлык активдер паралар жана жер сатуу келишимдери аркылуу алынган. Тергөө 2019-жылдан бери жүргөн", — деп билдиришкен маалымат булактары.

Мурдараак, Кытайда China Huarong International Holdings инвестициялык компаниясынын мурдагы башкы директору Бай Тяньхуэй пара алып, 156 миллион долларды алгандыгы үчүн өлүм жазасына тартылган. Февралда анын апелляциясы канааттандырылган жок жана сот чечими күчүндө калды.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 182 чакырымдан ашык жол жарыктандырылды

Нарында 182 чакырымдан ашык жол жарыктандырылды

Нарын районуна караштуу Эмгек-Талаа жана Хутор-Ак-Талаа айылдарында түнкү жарыктандыруу иштеринин жүрүшү менен ыйгарым укуктуу өкүл таанышты. Бул иштер райондук фонддун эсебинен каржыланып ишке ашууда. Нарын облустук админстрациясынын маалыматына ылайык, долбоордун алкагында жалпы узундугу төрт жарым чакырым ички жолго жарыктандыруу орнотулуп, учурда иштер 90% аткарылды. Белгилей кетсек, Нарын

Өзгөндөгү оорукананын курулушуна 1 млрд 350 млн сом бөлүндү

Өзгөндөгү оорукананын курулушуна 1 млрд 350 млн сом бөлүндү

Өзгөн шаарында 400 орундуу оорукананын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттары Улукбек Ормонов жана Сүйүнбек Өмүрзаков Өзгөн районуна болгон иш сапарынын алкагында оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышышты. Борбордук аймактык оорукананын имаратынын курулушуна 1 млрд 350 млн сом, медициналык жабдууларды

Араван жана Ноокатта мектептин имараттары бала бакча катары пайдаланылууда

Араван жана Ноокатта мектептин имараттары бала бакча катары пайдаланылууда

Араван жана Ноокатта бала бакча, мектеп жана маданият үйүнө байланыштуу маселелер көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, депутат Жаныбек Аматов калк менен жолугушуу үчүн аймакка барган. Тургундардын айтымында, Араван районунун Авиз айылында бала бакчада орун жетишсиз болуп, мектептин үч классы бала бакча катары пайдаланылып жатат.

Кыргызстанда туризмдин экономикадагы үлүшү 3,8%га жетти

Кыргызстанда туризмдин экономикадагы үлүшү 3,8%га жетти

Кыргызстанда туризм тармагынын экономикадагы ролу өсүп жатат. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча туризм чөйрөсүндө түзүлгөн кошумча дүң нарк 74 млрд сомдон ашып, өлкөнүн ички дүң продукциясынын 3,8%ын түздү. Бул көрсөткүч 2021-жылы 3,2% болгон. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2025-жылы туризм тармагына 87 млн доллардан ашык түз