Польша жана Казакстан алтын сатып алуу боюнча дүйнөлүк лидер болду

Польша жана Казакстан алтын сатып алуу боюнча дүйнөлүк лидер болду

2025-жылы алтын сатып алуу боюнча Польшанын Улуттук банкы лидер болду. Ал өзүнүн алтын резервин 95 тоннага көбөйткөн. Экинчи орунда Казакстандын Улуттук банкы, анын өсүшү 49 тоннаны түзгөн. Бул маалыматтар Дүйнөлүк алтын кеңешинин (World Gold Council) материалдарында келтирилген.

Адистер белгилегендей, өткөн жылдын ноябрь айында дүйнөнүн борбордук банктары алтын резервдерин активдүү толуктоону улантып, 45 тонна баалуу металл сатып алышкан. Октябрь айына салыштырмалуу сатып алуулар бир аз азайганына карабастан, жалпы деңгээли туруктуу жана жогору бойдон калган.

Регуляторлор тарабынан алтынга болгон суроо-талап туруктуу сакталган. 2025-жылдын 11 айында таза сатып алууларды кошкондо жалпы көлөм 297 тоннага жеткен.

Ноябрь айында эң ири өсүштү төмөнкү борбордук банктар көрсөткөн:

  • Польша — +12 тонна
  • Бразилия — +11 тонна

Мындан тышкары активдүү сатып алуучулардын катарында:

  • Өзбекстан — +10 тонна
  • Казакстан — +8 тонна
  • Кыргызстан жана Чехия — ар бири +2 тонна

Ал эми Кытай Эл Банкы жана Индонезия Банкы алтын резервдерин 1 тоннадан көбөйткөн.

Эскерте кетсек, алтын АКШ долларын артта калтырып, дүйнөдөгү эң ири резервдик активге айланды. Бул өзгөрүү дүйнөлүк финансылык рыноктордогу туруксуздук шартында борбордук банктардын алтын резервдерине болгон кызыгуусу күчөп жатканын айкын көрсөтөт.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media