Кытай калкы 2025-жылы 3,39 млн адамга азайган

Кытай калкы 2025-жылы 3,39 млн адамга азайган

Кытайдын калкы 2025-жылы азайып, калктын картайышы уланып жатканы Кытай Эл Республикасынын Улуттук статистика бюросунун отчетунан маалым болду.

2025-жылдын аягына карата Кытайдын калкы 1 млрд 404,89 млн адамды түздү, бул 2024-жылдын аягындагы көрсөткүчтөн 3,39 млн адамга аз.

Статистикага ылайык:

  • 2025-жылы 7,92 млн бала жарыкка келген, ал эми 2024-жылы 9,54 млн бала төрөлгөн;
  • Төрөт көрсөткүчү 1 миң адамга 5,63 баланы түзгөн;
  • 2025-жылы 11,31 млн адам, 2024-жылы 10,93 млн адам каза болгон;
  • Өлүм көрсөткүчү 1 миң адамга 8,04;
  • Калктын табигый азайышы 1 миң адамга 2,41;
  • Эркектер — 716,85 млн, аялдар — 688,04 млн.

Калктын картайышы тез жүрүүдө:

  • 60 жаштан жогорку калктын саны 323,38 млн адам, жалпы калктын 23%ы;
  • Шаар тургундарынын саны 953,8 млн адамга жетип, жалпы калктын 67,9%ын түздү (шаар тургундарынын саны 10,3 миллионго өстү);
  • Айыл жергесиндеги калк 451,09 млн адамга азайып, 13,69 млн адам кыскарды.

Reuters агенттигинин байкоосу боюнча, Кытайдын калкы төртүнчү жыл катары менен азайууда, жана өткөн жылы калктын азайыш темпи эң жогорку деңгээлде болду. Төрөт көрсөткүчү акыркы ондогон жылдардын эң төмөнкү деңгээлинде. Демографиялык тенденциялар Пекиндин ички керектөөнү көбөйтүү пландарына тоскоолдук жаратууда.

Мындан тышкары окуңуз

Катар: Перс булуңундагы бардык энергия экспорттоочулар форс-мажор жарыялайт

Катар: Перс булуңундагы бардык энергия экспорттоочулар форс-мажор жарыялайт

Катардын энергетика министри Саад аль-Кааби Перс булуңундагы бардык энергия ташуучуларды экспорттоочу өлкөлөр жакынкы күндөрү форс-мажор жарыялашы мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, мындай кырдаалда нефть баасы баррелине 150 долларга чейин көтөрүлүшү ыктымал. Министрдин сөзүнө караганда, Жакынкы Чыгыштагы согуш дароо токтогон күндө да Катарга суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүнү калыбына келтирүү үчүн бир

Жапон делегациясы "Кепилдик фондунун" иши менен таанышты

Жапон делегациясы "Кепилдик фондунун" иши менен таанышты

"Кепилдик фонд" ААКсынын Башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров Жапониядан келген делегация менен бир катар жолугушууларга катышты. Бул тууралуу "Кепилдик фонддон" билдиришти. Делегацияны Точиги префектурасынын кредиттик кепилдик корпорациясынын директору Анзай Катсуми жетектеп келди. Жолугушууларга жапон финансылык уюмдарынын өкүлдөрү жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү катышты. Жолугушууларда

Кыргызстан менен Кытай биргелешкен эсептешүү системасын түзүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Кытай биргелешкен эсептешүү системасын түзүүнү талкуулады

Финансы министрлигинде министр Алмаз Бакетаев кытайлык делегация менен жолугушту. Делегацияны Ли Синлун жетектеди, ал Шэньси провинциясынын финансы комитетинин башкармалыгынын директорунун орун басары болуп саналат. Жолугушууда тараптар биргелешкен инвестициялык фонд түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Кыргыз тарап Кыргызстандын финансылык институттары жана Кытайдын Шэньси провинциясы катышкан инвестициялык фонд түзүүнү сунуштады. Бул фонд чакан жана

Бишкекте 10-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкекте 10-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

10-мартта Бишкектин айрым аймактарында реконструкция иштерине байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. 2026-жылдын 10-мартында саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүш объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Суу төмөнкү аймакта өчүрүлөт: