Гүлжигит Алыкуловдун трансфердик баасы 2025-жылы 800 миң еврого чыкты

Гүлжигит Алыкуловдун трансфердик баасы 2025-жылы 800 миң еврого чыкты

Кыргызстандын улуттук курама командасынын футболчусу Гүлжигит Алыкулов карьерасын расмий түрдө Беларусь Республикасынын жогорку лигасында ойноочу "Динамо – Минск" клубунда улантарын Кыргыз футбол союзу (КФС) маалымдады.

Өткөн жылдын январь айында Алыкулов Москва шаарындагы "Торпедо" клубуна өткөн. Ал бул команданын курамында Россиянын Биринчи лигасында 2026-жылдагы кышкы трансфер мезгилине чейин ойноп, андан кийин "Динамо – Минск" клубуна кошулган. Биздин маалыматтарга ылайык, жаңы клуб менен түзүлгөн келишим 2026-жылдын аягына чейин жарактуу.

Эске салсак, Гүлжигит Алыкулов буга чейин да Беларусь чемпионатында ойногон тажрыйбага ээ. Ал 2023–2024-жылкы сезондордо Гродно шаарындагы "Неман" клубунун курамында ойноп, Беларусь чемпионатынын күмүш байгесин жана өлкө Кубогун жеңип алган. Ошондой эле 2024-жылкы сезондун жыйынтыгында клубдун мыкты оюнчусу деп табылган.

2019-жылдан бери Гүлжигит Алыкулов Кыргызстандын улуттук курама командасында туруктуу оюн көрсөтүп келет. Анын эсебинде 47 оюн жана 6 гол бар.

Футболчулардын трансфердик баасын баалаган немис порталы Transfermarkt’тын маалыматына ылайык, 2025-жылдын башында Алыкуловдун баасы болжол менен 800 миң еврону түзүп, ал "Торпедо" клубундагы эң кымбат оюнчулардын бири болгон.
Ал эми 2026-жылдын башына карата анын учурдагы трансфердик баасы болжол менен 450 миң евро деп бааланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы  14,6 млн долларга сатылды

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды

Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди. "Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Дана Агро” асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын алкагында министр чарбанын өндүрүш процесси, малдын асыл тукум курамы жана сүт өндүрүү көрсөткүчтөрү менен жеринен таанышты.

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда жайгашкан "Таштан" асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ферманын жаңы технологиялары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. Маалым болгондой, жеке ишкер Вахабжан Юсуповго таандык "Таштан" дыйкан-фермерлик чарбасы 2018-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Бүгүн Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жатат. Бул майрамдык дата КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзам боюнча жыл сайын Аталар күнү 15-мартта жана Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленүүдө. Аталардын урматына бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөздөрүн жарыялады. Өз сөзүндө президент илгертеден бери кыргыз