Кыргызстандыктардын чет өлкөдө эс алуу табити өзгөрдүбү?

Кыргызстандыктардын чет өлкөдө эс алуу табити өзгөрдүбү?

Өткөн жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөдө эс алууга жумшаган чыгымдары, болжолдуу маалыматтар боюнча, 423,3 млн долларды түзгөнү Улуттук статистика комитетинин материалында келтирилген.

Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1%га төмөндөгөн.

Ошону менен бирге, туристтик рыноктун катышуучулары кыргызстандыктардын чет өлкөлүк багыттарды тандоодогу табити өзгөргөнүн белгилешүүдө.

Буга чейин ата мекендик ири туркомпаниялардын бири агенттикке билдиргендей, балалуу үй-бүлөлөр көбүнчө Египетти жана Вьетнамдагы Фукуок курортун тандашат. Буга "бардыгы камтылган" (all inclusive) форматы, мейманканалардын өнүккөн инфраструктурасы, анимация жана балдар менен эс алуу үчүн түзүлгөн ыңгайлуу шарттар себеп болууда.

Ал эми жаштар динамикалуу багыттарга артыкчылык беришет. Популярдуу жерлердин катарында Таиланд, Вьетнам жана Дубай бар. Бул жерлерде туристтерди активдүү шаардык жашоо, көңүл ачуулар жана түнкү атмосфера кызыктырат.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаң" шахтасынын аймагында узундугу 8,5 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКсынан билдиришти. Учурда "Флюра-ТЕХ" компаниясынын адистери жолдун негизин даярдоо жана жер иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында жараксыз топурак алмаштырылып, өсүмдүк катмары тазаланып, таш төшөө жана жолдун негизин

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын жарым жылында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы маалымдады. Адистин айтымында, акча котруулардын агымынын азайышына жакынкы чыгыштагы жагдай таасир этүүдө.    “Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча акча

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жаңы министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын жетекчисин жамаатка тааныштырды. Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору болуп Уланбек Төрөгелдиев дайындалды. Уланбек Төрөгелдиев 1968-жылы туулган, жогорку билимдүү. Фрунзе политехникалык техникумун, Талас мамлекеттик университетин

Таласка жаңы инвестицияларды тартуу боюнча иштер күчөтүлөт

Таласка жаңы инвестицияларды тартуу боюнча иштер күчөтүлөт

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү Талас облусуна жумушчу сапар менен барып, аймактагы инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышты. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти. Сапар агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун тапшырмасы менен аймактын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жаңы капитал тартууга шарт түзүү максатында уюштурулган. Иш сапардын алкагында 2026-жылы инвестицияларды өздөштүрүү темпи, долбоорлордун