Түштүк Корея жасалма интеллектти жөнгө сала баштады

Түштүк Корея  жасалма интеллектти жөнгө сала баштады

Түштүк Корея жасалма интеллектти (ЖИ) жөнгө салган комплекстүү мыйзам күчүнө кирген дүйнөдөгү алгачкы өлкө болгонун Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, жасалма интеллект жөнүндө негизги мыйзам (AI Basic Act) 2026-жылдын январь айынан тартып күчүнө кирди. Документ ЖИнин жардамы менен түзүлгөн бардык контентти — сүрөттөрдү, видеолорду, аудиолорду жана дипфейктерди — милдеттүү түрдө белгилөөнү (маркировкалоону) талап кылат. Колдонуучулар материалдын жасалма интеллект тарабынан түзүлгөнү тууралуу ачык түрдө кабардар болушу керек.

Мыйзам ЖИ кызматтарынын ишинде айкындуулук талаптарын киргизип, генеративдик моделдер менен даярдалган бардык материалдарга милдеттүү белгилөө киргизет.

Ошондой эле жогорку тобокелдикке ээ тармактар үчүн өзгөчө талаптар каралган. Алардын катарына саламаттык сактоо, транспорт, финансы жана коопсуздук тармактары кирет. Бул чөйрөлөрдө жасалма интеллектти колдонууга адам тарабынан көзөмөл болгондо гана уруксат берилет.

Мыйзамдын талаптарын бузган учурларда административдик айып пулдар каралган.

Муну менен катар, бийлик өкүлдөрү өткөөл мезгил каралганын билдиришти. Бул аралыкта компаниялар жаңы талаптарга жазасыз ыңгайлашууга мүмкүнчүлүк алышат.

Эске салсак, аталган мыйзам Түштүк Кореянын парламенти тарабынан 2024-жылдын аягында кабыл алынган. Анын негизги максаты — дипфейктер жана башка ЖИ-контент менен байланышкан дезинформация жана кыянаттык пайдалануу коркунучтарын азайтуу, ошондой эле коомчулуктун жаңы технологияларга болгон ишенимин жогорулатуу.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media