Тоголок Молдо айылында фермер төөлөрдүн санын көбөйтүп жатат

Тоголок Молдо айылында фермер төөлөрдүн санын көбөйтүп жатат

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылынын тургуну Бото Күрөңкеев төө багуу менен алектенип жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

"Анын атасы 1980-жылдардан тартып төө багуу менен алектенип келген, бүгүнкү күндө бул ишти анын уулу Бото Күрөңкеев улантууда. Төө багуу — эмгекти көп талап кылган иш, бирок бул жаныбарлар кыргыз тоолорунун шарттарына өзгөчө жакшы ылайыкташкан. Алар 40 күнгө чейин суусуз чыдай алышат, −40 градуска чейинки суукка жана +50 градуска чейинки ысыкка туруштук берет. Мындан тышкары, төөлөр жыл бою эт жана сүт берип, чарбада пайдалануу үчүн баалуу болуп эсептелет", — деп айтылат билдирүүдө.

Фермер төө чарбачылыгын өнүктүрүү максатында жаныбарларды Нарын облусу менен гана чектелбестен, башка аймактарга да жайылтып, алардын санын көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Бул демилге өлкөдө дээрлик унутта калган төө чарбачылыгын кайра жандандырууга жана мал чарбачылыгы тармагын диверсификациялоого өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Президент "Салык Күзөт" автоматташтырылган тутуму менен таанышты

Президент "Салык Күзөт" автоматташтырылган тутуму менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовду кабыл алды. Жолугушууда МСК төрагасы салык системасын реформалоонун экинчи этабынын жүрүшү тууралуу маалымат берип, анын алкагында "Салык Күзөт" автоматташтырылган маалыматтык салык талдоо тутуму ишке киргизилгенин билдирди. Анын айтымында, мурда салык кызматкерлери компаниялардын салыктары, камсыздандыруу төгүмдөрү жана отчеттуулугу боюнча

Баткен районунда 143 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулат

Баткен районунда 143 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулат

Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын чыгыш-түштүк тарабында заманбап тамчылатып сугаруу системасын орнотуу долбоору ишке ашырылып жатат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги долбоордун алкагында 143 гектар жер аянтына тамчылатып сугаруу системасын орнотуу каралып жатканын билдирди. Курулуш иштери 2026-жылдын январь айынын экинчи декадасынан тартып башталды. Тамчылатып сугаруу системасынын

Ноокатта 1 820 абонент жаңы көмөк чордонго туташтырылды

Ноокатта 1 820 абонент жаңы көмөк чордонго туташтырылды

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош электр тармактар ишканасы тарабынан Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылында 35/10 кВ “Т. Кулатов” көмөк чордонун жана 35 кВ “Абшыр – Т. Кулатов” аба чубалгысын расмий түрдө ишке киргизди. Долбоордун алкагында 110/35/10 кВ “Көк-Жар” көмөк чордонунан чыккан узундугу 55 км болгон

ЧОИ-2030: Караколдо туризм жана ишкерликти колдоо маселелери көтөрүлдү

ЧОИ-2030: Караколдо туризм жана ишкерликти колдоо маселелери көтөрүлдү

22-январда Каракол шаарында 2030-жылга чейинки чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү программасынын (ЧОИ-2030) долбоору боюнча көчмө эксперттик жыйын өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жыйынга Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын эксперттери жана Ысык-Көл облусунун ишкерлери катышты. Аймактык өзгөчөлүктөр эске алынып, туризм тармагын экспортко багытталган тармак катары