Эң көп пластик чогулткан мектеп "Таза шаар" сынагынын жеңүүчүсү болот

Эң көп пластик чогулткан мектеп "Таза шаар" сынагынын жеңүүчүсү болот

Жогорку Кеңеш спикери Марлен Маматалиев бүгүн Бишкек шаарындагы мектеп директорлору менен жолугушууга катышып, 1-мартта баштала турган "Таза шаар" сынагын жарыялады.

ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, кампаниянын алкагында жеңүүчү болгон мектептерге ири байгелер берилет. Пластик калдыктарын чогултуу боюнча сынак 2026-жылдын 1-мартынан 1-майына чейин өтөт. Эң көп пластик чогулткан окуу жай жеңүүчү деп табылат.

Марлен Маматалиев долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, бул демилге президент Садыр Жапаров тарабынан көтөрүлгөн экологиялык демилгелердин уландысы болорун айтты.

"Акыркы жылдары президент айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшүн жөнгө салуу жана жашыл экономиканы өнүктүрүү багытында ири демилгелерди көтөрдү. Учурда көптөгөн иш-чаралар уюштурулууда. “Таза шаар” сынагы ошол демилгелердин уландысы болуп, борбор шаарыбыздын экологиясын жакшыртууга салым кошот деп ишенем", — деди ал.

Спикер сынакка катышкан мектептерге ийгилик каалап, мындай демилгелерди аймактарга да жайылтуу керектигин белгиледи.

Долбоор Жогорку Кеңеш, Бишкек шаарынын мэриясы,  Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Кыргызстандын Кызыл Ай коому тарабынан колдоого алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү