Москвада Айвазовскийдин "Айлуу түн Крымда" пейзажы 60 млн рублга бааланды

Москвада Айвазовскийдин "Айлуу түн Крымда" пейзажы 60 млн рублга бааланды

Москвада Илья Репин, Иван Айвазовский, Исаак Левитан, Валентин Серов жана Виктор Васнецовдун жалпы баасы 1 миллиард рублга жеткен эмгектери сатыкка чыгарылды.

Москвалык аукцион үйү 1-мартта жазгы соодасын өткөрөт. Анда жогоруда аталган сүрөтчүлөрдөн тышкары Иван Шишкин, Василий Поленов, Константин Коровин, Петр Кончаловский жана XVIII–XX кылымдардын башка чеберлеринин чыгармалары сунушталат.

Аукцион үйүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, каталогго жеке коллекциялардан алынган, буга чейин Третьяковская галерея деңгээлиндеги көргөзмөлөргө катышкан чыгармалар, ошондой эле "ысымдары Россиянын тарыхы менен тыгыз байланышкан адамдардын жыйнактарынан" алынган эмгектер киргизилген.

Сооданын негизги лоттору катары Айвазовскийдин 1861-жылкы "Айлуу түн Крымда" пейзажы 60 млн рубль баа менен жана Левитандын 1898-жылкы "Айдын чыгышы. Айыл" аттуу пейзажы 50 млн рубль баа менен сунушталууда. Ушундай эле суммага Серовдун 1896-жылкы "Тигүү үстүндө" аттуу эмгеги бааланган.
Ошондой эле лоттордун арасында Репиндин 1917-жылы тартылган "Нарцисс" аттуу чыгармасы бар, анын баасы 45 млн рублга чейин жетет.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү