Кыргызстанда 15 түрдөгү дары чөптөрдү өстүрүүгө уруксат берилет
Кыргызстандыктарга 15 түрдөгү дары чөптөрдү өстүрүүгө жана культивациялоого уруксат берүү пландалып жатканын ЖКнын отурумунда "Өсүмдүктөрдү коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Агротүшүмдү өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору талкууланган учурда белгиленди.
Айыл чарба министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, сөз валериана, календула, шалфей, шафран, ак сасыр, аконит, арнебия, кызыл радиола, кызыл мия, чычырканак, шиповник, барбарис, чабрец, ромашка, чай чөп сыяктуу өсүмдүктөр тууралуу болууда.
"Мисалы, ак сасырга (ферула) суроо-талап бар, ошондуктан адамдар үй шартында аны сатуу максатында өстүрүп жатышат. Баасы абдан жакшы — килограммы 200доллардан 500 долларга чейин, жана бул кирешелүү бизнес. Жалгыз Баткен облусунда гана ак сасырды тамчылатып сугаруу жолу менен өстүргөн үч участок бар", — деп кошумчалады ал.
Депутат Жылдыз Садырбаева 15 түрдө токтоп калбастан, дары чөптөрдүн тизмесин кеңейтсе болорун белгиледи.
Анын кесиптеши Камила Талиева болсо, тизмеде аконит да бар экенин белгилеп, "Бул уулуу өсүмдүк, аны үй шартында өстүрүүгө уруксат берүү болбойт. Анын туура эмес колдонулушу адамдардын ууланышына алып келиши мүмкүн, бул өтө кооптуу. Бул үчүн өзүнчө жөнгө салуу керек", — деди.