Өзбекстанда женьшень өстүрүлөт

Өзбекстанда женьшень өстүрүлөт

Өзбекстан өлкөсүндө биринчи жолу женьшень өстүрүлөт. Эксперименталдык отургузуулар Бостанлык району (Ташкент облусу) жана Кашкадарья облусунун тоо этектериндеги райондорунда жүргүзүлөрүн Podrobno.uz жазды.

Мындай макулдашууга Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү менен FDfive компаниясынын жетекчиси Чун Хун Донгтан шаарында өткөн жолугушууда келишкен.

Сүйлөшүүлөрдө ошондой эле туз баскан жерлердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, климаттык шарттарга туруктуу жана экономикалык жактан пайдалуу айыл чарба өсүмдүктөрүн киргизүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар Өзбекстанда төмөнкү өсүмдүктөрдү өстүрүү мүмкүнчүлүгүн да карашты:

  • Таттуу беде
  • Япон таруусу(просо)
  • Итальяндык райграс
  • Судан чөбү
  • Люцерна
  • Сесбания.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 90 студентке Президенттик стипендия берилди

Кыргызстанда 90 студентке Президенттик стипендия берилди

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттерине ар кандай мүмкүнчүлүктөр жана колдоо чаралары каралганын "Биринчи радио" эфиринде Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин(ИЖБИМ) башкы адиси Айзат Маматкеримова билдирди. Анын айтымында, республикада жалпысынан 85тен ашык жогорку окуу жайы иштейт, анын ичинде 30 мамлекеттик мекеме бар. Мурда мамлекет

1-июлдан тарта 3 жашка чейинки ар бир бала ай сайын 1200 сом жөлөк пул алат

1-июлдан тарта 3 жашка чейинки ар бир бала ай сайын 1200 сом жөлөк пул алат

Президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдар үчүн “Бала ырысы” аттуу жаңы ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пулду киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду. Маалыматка ылайык, жөлөк пул ушул жылдын 1-июлунан тартып, үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, 3 жашка чейинки ар бир балага 1200 сом өлчөмүндө берилет. Мамлекет башчысы бул чечим жарандардын

Кыргызстан  3D-протездөө технологиясын киргизди

Кыргызстан  3D-протездөө технологиясын киргизди

5-мартта Эмгек министрлигине караштуу республикалык протез-ортопедия борборунда 3D-сканер жана 3D-принтердин презентациясы өттү. Бул жабдуулар француздук өндүрүштөгү жана модернизация планынын алкагында алынган. Бул жабдуулар республикалык бюджеттен 45 850 еврого алынган. Протездөөдө 3D-технологияны колдонуу КМШ өлкөлөрүндө биринчи жолу киргизилип жатат. Мекеме 13 миңден ашуун майыпты тейлейт. Алардын ичинен: * Буттун ылдыйкы бөлүгүнө протез

Өлкөдөгү негизги ашууларда жол ачык, каттам үзгүлтүксүз

Өлкөдөгү негизги ашууларда жол ачык, каттам үзгүлтүксүз

Бүгүн эл аралык маанидеги жана жергиликтүү маанидеги авто жолдордо, ашууларда жол ачык, чектɵɵлɵр жок. Каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Бишкек Ош автомобиль жолундагы Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел жана Тараз –Талас - Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашууларында күн бүркɵк, кээ бир тилкелеринде туман каптап,жол жакшы