Кыргызстан  3D-протездөө технологиясын киргизди

Кыргызстан  3D-протездөө технологиясын киргизди

5-мартта Эмгек министрлигине караштуу республикалык протез-ортопедия борборунда 3D-сканер жана 3D-принтердин презентациясы өттү. Бул жабдуулар француздук өндүрүштөгү жана модернизация планынын алкагында алынган.

Бул жабдуулар республикалык бюджеттен 45 850 еврого алынган. Протездөөдө 3D-технологияны колдонуу КМШ өлкөлөрүндө биринчи жолу киргизилип жатат. Мекеме 13 миңден ашуун майыпты тейлейт.

Алардын ичинен:

  • Буттун ылдыйкы бөлүгүнө протез алгандар: 1 396
  • Буттун жогору жагына протез алгандар: 443

Ошондой эле мекеме 150дөн ашык түрдүү протез-ортопеддик продукцияны индивидуалдуу жасайт.

Иш-чарага вице-премьер министр Эдиль Байсалов, Франциянын Кыргызстандагы элчиси, профсоюздардын өкүлдөрү, Исхак Раззаков атындагы КМТУ, жабдууларды өндүргөн компания, Россия жана Өзбекстандан чакырылган өнөктөштөр катышты.

Вице-премьер Эдиль Байсаловдун айтымында, МинКабдын 2024-жылга карата иш-чаралар планына ылайык, мекеменин материалдык-техникалык базасын модернизациялоого 100 млн сом каралган. "Бул технологияны киргизүү КМШ өлкөлөрүндө биринчи жолу жасалып жатат. Цифралык чечимдер тактыкты, ыңгайлуулукту жана ар бир адамга индивидуалдуу мамилени камсыз кылат",-деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл өкмөтүнүн Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы аянты 1 480,85 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулду. Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бала бакча 140 балага ылайыкталып, билим алуу-тарбиялоо, эс алуу

Ишкер Media
Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакциналар алынып келинип, аймактарга таратылып берилди. Бишкектеги үй-бүлөлүк мединалык борборлордо эмдөө башталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаменти башкармалыгынын жетекчиси Динара Оторбаева "Биринчи радиодон" чыгып сүйлөгөндө билдирди. Динара Отунбаеванын сөзүнө караганда биринчи кезекте ооруну жуктуруп алуу коркунучу жогоркулар бекер эмделет. Алар: * Өнөкөт оорусу бар жарандар

Ишкер Media
Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин жана анын чыгармаларынын негизиндеги скульптуралык композициянын эскиздик долбооруна жарыяланган ачык сынактын мөөнөтү 29-ноябрына чейин созулат. Мындай билдирүүнү аталган министрликтен маалымдашты. Сынактын максаты - жазуучунун инсандыгын, чыгармачылык мурасын жана чыгармаларындагы жалпы адамзаттык баалуулуктарды чагылдырган мыкты монументалдык-скульптуралык чечимди тандоо. Билдирүүгө

Ишкер Media
Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 29-сентябрда коммерциялык банктардагы бир катар жетекчилик кызматтарга сунушталган талапкерлердин талапкерлигине макулдук берди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, “Асман Банк” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызматына сунушталган Исакова Гульзина Абыловнанын, ошондой эле директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө сунушталган Ааб Рийна Амалиенин талапкерлигине макулдук берилди.

Ишкер Media