АКШнын Мамлекеттик департаменти Green Card алуу эрежелерин өзгөрттү

АКШнын Мамлекеттик департаменти Green Card алуу эрежелерин өзгөрттү

АКШнын Мамлекеттик департаменти Diversity Visa программасына (Green Card алуу лотереясы) катталуу үчүн жаңы талаптарды киргизүүдө. Бул талаптар 10-апрелден тартып күчүнө кирет. Алар мекеменин расмий сайтында жарыяланды.

Негизги өзгөрүү — эми баштапкы анкета толтурууда эле документтердин санарип көчүрмөлөрүн жүктөө талап кылынат. Бул чара алдамчылыкка каршы күрөштү күчөтүү жана катышуучуларды так аныктоону жеңилдетүү максатын көздөйт.

Жаңыланган эрежелерге ылайык, талапкерлер эми чет өлкөгө чыгуу үчүн жарактуу паспорттун маалыматтарын көрсөтүү менен гана чектелбестен, анын биографиялык маалыматтары жана ээсинин колу коюлган барактарынын скан-көчүрмөлөрүн да электрондук системага жүктөшү керек. Бул документтерсиз система аркылуу катталуу мүмкүн болбойт.

Техникалык талаптардан тышкары, анкета формасында колдонулган айрым терминдер да өзгөртүлдү. Мекеме жалпы түшүнүктөрдөн баш тартууну чечти:
"гендер" деген графа "жыныс" деген так аныктама менен алмаштырылат;
"жашы" (толук жылдардын саны) деген графанын ордуна эми так туулган датаны көрсөтүү талап кылынат.

Бул жаңылыктар программанын каржылык реформасын да толуктайт. Эске салсак, 2025-жылдын сентябрынан тартып лотереяга катталуу үчүн 1 доллар өлчөмүндө милдеттүү төлөм киргизилген.

Мурда арыз берүү акысыз болчу, бирок жасалма каттоолор көбөйгөнү жана өткөн жылдын декабрында визаларды берүү убактылуу токтотулганы АКШ бийлигин конкурсту уюштуруу тартибин кайра карап чыгууга мажбур кылган.

Жаңы эрежелер 2027-жылга карата Green Card программасына катышууну каалаган бардык талапкерлерге тиешелүү болот.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң даана форель чабагы коё берилди

Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң даана форель чабагы коё берилди

Күн мурун Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн (станциясынын) кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл жилингири (форель) балыгынын чабактарын Ысык-Көл көлүнө куйган дарыяларга коё берүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Туристтик-экологиялык милиция, Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери,

Камбар-Ата-1 ГЭСи Борбор Азиянын энергетикалык, азык-түлүктүк коопсуздугун бекемдейт – Хью Ридделл

Камбар-Ата-1 ГЭСи Борбор Азиянын энергетикалык, азык-түлүктүк коопсуздугун бекемдейт – Хью Ридделл

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй Борбор Азиянын энергетикалык келечегине, азык-түлүк коопсуздугуна болгон ишенимин бекемдерин Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл энергетика министри Таалайбек Ибраев менен жолукканда билдирди. Министрлик маалымдагандай, жолугушууда Таалайбек Ибраев тармактагы жаңылануулардын натыйжасында өткөн кыш мүчүлүштүксүз өткөнүн айтты. Ал Дүйнөлүк банкка колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип,

Ошто Ак-Буура дарыясынын нугу тазалана баштады

Ошто Ак-Буура дарыясынын нугу тазалана баштады

Ош шаарында жаздын келиши менен Ак-Буура дарыясынын нугун тазалоо боюнча масштабдуу иштер башталганын шаар мэри Жанарбек Акаев билдирди. Мэр бул чара сел кырсыктарын алдын алуу үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи. "Ак-Буура дарыясынын нугу акыркы 30-40 жылдан бери тазаланбай, бул өз кезегинде сел ташкындарына себеп болуп келген. Эми президент өзү

Англия банкы улуттук валютасынын дизайнын өзгөртүүнү пландап жатат

Англия банкы улуттук валютасынын дизайнын өзгөртүүнү пландап жатат

Англия банкы британ фунт стерлингинин банкнотторунун дизайнын өзгөртүүнү пландап жатат. Жаңы дизайнга ылайык, тарыхый инсандардын сүрөттөрүнүн ордуна Улуу Британиянын жапайы жаратылышын чагылдырган жаныбарлардын сүрөттөрү жайгаштырылышы мүмкүн экенин Bloomberg маалымдады. Пландалган өзгөрүүлөргө ылайык, фунт стерлингдин жаңы сериясында кирпи же борсук сыяктуу жаныбарлар сүрөттөлүшү мүмкүн. Ошол эле учурда банкноттордон белгилүү британ инсандарынын,