Бишкек шаарында "Манас" ири маданий комплексинин курулушу башталды
Борбор калаада жаңы "Манас" маданий борборунун курулушунун башталышына арналган убакыт капсуласын салуу аземи өттү. Иш-чарага Каныбек Туманбаев катышып, долбоордун расмий башталышына старт берди.
Маалыматка ылайык, комплекс куруу үчүн 2 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Имараттын жалпы аянты 6 миң 681 чарчы метрди түзөт.
Уюштуруучулардын айтымында, "Манас" борбору улуттук маданиятты өнүктүрүүгө, тарыхый-маданий мурастарды сактоого жана ар кандай деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө багытталган заманбап маданий мейкиндик болот.
Курулушту 2027-жылдын экинчи чейрегинде бүтүрүү пландалып жатат.
Ошондой эле комплекс өзүн-өзү каржылоо принциптеринин негизинде иштеп, чыгымдарын өз кирешесинин эсебинен жабары белгиленди.