Нижегород облусу Кыргызстанга 198 тонна торфтуу топурак жөнөтөт
Нижегород облусу Кыргызстанга 198 тонна торфтуу топурак жөнөтөрүн Россиянын Айыл чарба багытындагы көзөмөл боюнча федералдык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, инспекторлор жалпы салмагы 2,1 миң тоннадан ашкан торфтуу топурак боюнча экспорттук корутундуларды тариздешкен. Жүк бир нече өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга жөнөтүлөт.
Торфтуу топурак бул торф негизинде жасалган топурак аралашмасы. Ал айыл чарбасында жана ландшафттык дизайнда топурактын түзүмүн жакшыртуу үчүн колдонулат.
Жүктөр Азербайжан, Беларусь, Кыргызстан жана Казакстанга жөнөтүлөт.
Экспертизанын жыйынтыгы боюнча карантиндик зыянкеч организмдердин белгилери аныкталган эмес. Алынган маалыматтардын негизинде ар бир партия үчүн фитосанитардык абалы боюнча оң корутундулар берилди.