Баткенде өрүк бактарга дрондор менен дары чачыла баштады
Баткен районунда өрүк бактарын коргоо үчүн заманбап технологиялар колдонула баштаганын райондук администрация билдирди.
Самаркандек айыл аймагында бакчалар зыянкечтерге каршы дарыларды чачуу атайын дрондордун жардамы менен ишке ашып жатат. Негизги максат — айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу.
Белгиленгендей, мындай ыкма убакытты кыйла үнөмдөйт, дары каражаттарды бирдей жана натыйжалуу чачууга мүмкүндүк берет, кол эмгегине болгон муктаждыкты азайтат жана иштин коопсуздугун жогорулатат.
Райондогу агрардык өнүктүрүү башкармалыгы фермерлерди алдын алуу чараларын өз убагында көрүүгө жана зарыл болсо бакчаларды иштетүү кызматтарына кайрылууга чакырды.