“Түндүк” тиркемеси аркылуу бала бакчага катталууга болот

“Түндүк” тиркемеси аркылуу бала бакчага катталууга болот

“Түндүк” мобилдик тиркемесинде “Балалык” тутумунун билдирүүлөрү ишке киргизилди. Мындан ары ата-энелер бала бакчага баласын каттоо тууралуу арызынын статусу боюнча ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу “Түндүк” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми “Түндүк” арызды кезекке туруу, орун бөлүү жана баланы кабыл алуу, кабыл алуудан баш тартуу, ошондой эле бала бакчадан чыгаруу сыяктуу негизги этаптар жөнүндө автоматтык түрдө кабарлайт. 

Бул чечим “Түндүк” ААКнын санариптик билим берүү департаменти тарабынан мекемелер аралык санариптик чечимдерди башкаруу департаменти менен биргеликте, Билим берүү министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылды

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кытайдын Эл аралык соодага көмөктөшүү кеңешинин (CCPIT) төрагасынын орун басары Лю Цзяньнань менен жолугушту. Мекемеден маалымдагандай, тараптар кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү, бизнес байланыштарды чыңдоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Жолугушуу эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн түз байланыштарын күчөтүп, өз

Ишкер Media
Ысык-Көлдөгү жайлоого 3 көпүрө куруу пландалууда

Ысык-Көлдөгү жайлоого 3 көпүрө куруу пландалууда

Ысык-Көл облусунда жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүлүп, көрүлүп жаткан иш-аракеттер менен айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Республика боюнча 10 млн гектарга жакын жайыт жер бар, анын 180 миң гектары деградацияга учураган. Маалым болгондой, жайыттарды калыбына келтирүү программасынын

Ишкер Media
Кыргыз-Казак кызматташтыгы  жаңы деңгээлге чыкканы айтылды

Кыргыз-Казак кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыкканы айтылды

Кыргызстан менен Казакстандын кызматташтыгы мамлекет башчыларынын ишенимдүү мамилелеринин негизинде жаңы деңгээлге чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 14-жыйынында билдирди. Ал өз сөзүндө эки элди көп кылымдык тарыхый, руханий жана боордоштук байланыштар бириктирип турарын белгиледи. “Биздин боордош элдерди эки тараптуу кызматташтыктын бардык мүмкүнчүлүктөрүн

Ишкер Media
Түндүк - Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тарта жабылат

Түндүк - Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тарта жабылат

Түндүк - Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тарта жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашат. 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып туристтик мезгилдин аякташына жана күз-кыш мезгилинде табигый кырсыктардын келип чыгуу коркунучунун жогорулашына байланыштуу Балыкчы - Жалал-Абад ("Түндүк - Түштүк") альтернативдүү жолунда транспорт каражаттарынын кыймылы убактылуу токтотулат.

Ишкер Media