Дүйнөлүк жылдыз Шакира Бишкекке келди
Дүйнөгө белгилүү колумбиялык ырчы Шакира, бүгүн Бишкекке келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайыр Орунбеков социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Ал дүйнөлүк жылдызды тосуп алганын айтып, ырчынын сахнадан тышкаркы жөнөкөйлүгүн белгиледи.
"Сахнада миллиондогон күйөрмандарды суктандырган дүйнөлүк жылдыз жашоодо абдан жөнөкөй, тыпыйган, назик айым экен. Айрыкча колдору кичинекей жана назик", — деп жазды Орунбеков.
Дайыр Орунбеков мындай эл аралык иш-чаралар Кыргызстандын дүйнөгө таанылышына жана өлкөнүн аброюнун жогорулашына салым кошоруна үмүт артарын билдирди.