акыркы жаңылыктар

Өлкөдөн жер семирткичтерди сыртка ташып чыгууга тыюу салынды

Өлкөдөн жер семирткичтерди сыртка ташып чыгууга тыюу салынды

Министрлер Кабинети тарабынан КРдан минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБ  аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул чечим жазгы-талаа жумуштарынын мезгилинде ата мекендик айыл чарбаны минералдык жер семирткичтер менен өз убагында жана толук көлөмдө камсыздоого багытталган. Убактылуу тыюу салуу 6 айлык мөөнөткө киргизилди. Эскерте кетсек,

Баткенде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон грант берилди

Баткенде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон грант берилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Баткенде аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдон тапшырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады. Акылбек Жапаров Баткен облусунун Кадамжай районундагы аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 миң сом өлчөмүндөгү гранттарды тапшыруу аземине катышты. Жапаров

Эдил Байсалов ОшМУга барып сүрөткө түшүп келди

Эдил Байсалов ОшМУга барып сүрөткө түшүп келди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош мамлекеттик университетине барып, алардын иши менен жөн гана таанышып келди. Бул тууралуу кабинеттин маалымат кызматы кабарлады.  Атап айтканда, ал индустриалдык-педагогикалык колледждин алдыңкы тажрыйбалар борборунун жана ОшМУнун медициналык клиникасынын иши менен таанышты. Эдил Байсалов окуу жайдын жетишкендиктери менен таанышып, санариптик билим берүү чөйрөсү,

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдингинин уставдык капиталын 1 млрд сомго чейин жеткирүү тапшырылды

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдингинин уставдык капиталын 1 млрд сомго чейин жеткирүү тапшырылды

Финансы министрлигине 2022-жылы «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин уставдык капиталын 1 млрд сомго чейин жеткирүү тапшырылды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» ААКтын уставдык капиталы 100 млн сомду түзөт. Анын уюштуруучусу Финансы министрлиги болуп саналат. Финансы министрлиги коомдун уставын жана уставдык капиталын бекитти.

Көп жүргүзүлгөн интервенциялардан улам Улуттук банктын кирешеси 11 млрд сомго чейин өстү – Бөкөнтаев

Көп жүргүзүлгөн интервенциялардан улам Улуттук банктын кирешеси 11 млрд сомго чейин өстү – Бөкөнтаев

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев кечээ, 21-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Улуттук банктын кирешеси 2018-жылдагы 2.1 млрд сомдон 2021-жылы 10.9 млрд сомго чейин кантип өскөнүн айтып берди. Бөкөнтаевдин айтымында, кирешенин мындай көлөмү чет элдик валюта менен жүргүзүлгөн операциялардан, тактап айтканда, курстук айырманын эсебинен келген. «Көптөгөн интервенциялар бизге

Кыргызстан жакында ала турган автобустарга жыл сайын 2.8 млн евродон кредит төлөйт – дагы карыз

Кыргызстан жакында ала турган автобустарга жыл сайын 2.8 млн евродон кредит төлөйт – дагы карыз

Кыргызстан жакында дагы ала турган автобустарга жыл сайын 2.8 млн евродон кредит төлөйт. Бул тууралуу, бүгүн, 21-февральда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Белгилей кетсек, 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол  коюлган эки тараптуу документ боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ)

КР менен Кореянын өз ара соода жүгүртүүсү өткөн жылы 113 млн долларга жетти

КР менен Кореянын өз ара соода жүгүртүүсү өткөн жылы 113 млн долларга жетти

КР менен Кореянын ортосундагы өз ара соода жүгүртүү өткөн жылы дээрлик 113 млн долларга жетти. Бул тууралуу дипломатиялык миссиясы аяктап жаткан КРнын Кореядагы элчиси Динара Кемелова билдирди. Анын айтымында, COVID-19 пандемиясынын кесепетинен улам дүйнө кескин өзгөрүүлөргө дуушар болуп, адамдардын ишмердүүлүгү жана экономикалык активдүүлүгү олуттуу чектелген.   «Бирок мындай жагдайларга карабастан, биз

Ош – Баткен – Исфана жолун ремонттоого ата мекендик компанияларды тартуу тапшырылды

Ош – Баткен – Исфана жолун ремонттоого ата мекендик компанияларды тартуу тапшырылды

Ош – Баткен – Исфана жолун ремонттоого ата мекендик компанияларды тартуу тапшырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ош – Баткен – Исфана жолунун (28-75км) реабилитациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышуу учурунда айтты. Аталган объектинин курулушунун донору Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) болуп саналат. Жолду реабилитациялоо долбоорунун наркы

Коргоо министрлиги иш сапарга авиабилеттерге 10 млн сом сарптоону көздөөдө

Коргоо министрлиги иш сапарга авиабилеттерге 10 млн сом сарптоону көздөөдө

Коргоо министрлиги кызматкерлерине командировкага авиабилетке 10 млн сом сарптоого даяр. Мындай билдирүү мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланган. Сынак 18-февралда жарыяланган жана арыздар 25-февралга чейин кабыл алынат. *

Турак жай жана эл каттоону өткөрүүгө 28 миң адам тартылат – Улутстатком

Турак жай жана эл каттоону өткөрүүгө 28 миң адам тартылат – Улутстатком

Каттоо саамалыгына Кыргызстандын бардык аймактарынан дээрлик 28 миң адам тартылат. Бул тууралуу Улутстаткомдон билдиришти. Алардын арасынан 25 миңи каттоочулар. Алардын бардыгында Android-5 жана андан жогорку мобилдик аппарат болот. Улутстаткомдон билдиришкендей, эл жана турак-жай фондун каттоо баракчасы өзүнө беш суроолор тизмегин камтыйт. Беш суроолор тизмегинин төртүнчүсү чет мамлекетке чыгып кетишкен адамдарга

Шарджадан «Ош»  аэропортуна биринчи каттам конду

Шарджадан «Ош» аэропортуна биринчи каттам конду

Бүгүн, 21-февральда «Ош» эл аралык аэропортунда «Шарджа – Ош – Шарджа» багыты боюнча биринчи каттам конду. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады. * Каттамдар Air Arabia (БАЭ) авиакомпаниясы тарабынан 2022-жылдын 21-февралынан 3-мартына чейин дүйшөмбү жана ишемби күндөрү аткарылат. Ал эми 3-марттан тарта каттамдардын саны жумасына 3 жолу: дүйшөмбү, шаршемби жана

Түп районунда 100 орунду кийим тигүү фабрикасы ачылды

Түп районунда 100 орунду кийим тигүү фабрикасы ачылды

Түп районунун Ак-Булак айылында 100 орунду кийим тигүү фабрикасы ачылып, ишке кирди. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү Фондунун маалымат кызматы кабарлады. Тигүү фабрикасын ачууга Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду 10 млн сом каржылоо бөлгөн. Бул тигүү цехи «Салкын» ЖЧКнын Ысык-Көл облусундагы экинчи филиалы. Жакынкы күндөрү Каракол шаарына 200 орундуу дагы бир