Өзбекстанда кыргыз капиталынын катышуусунда 291 ишкана бар

Өзбекстанда кыргыз капиталынын катышуусунда 291 ишкана бар

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда кыргыз капиталынын катышуусунда 291 ишкана ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет жана Өзбекстан дагы КР менен көп тармакта кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.

Ал эми 12-октябрда Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министри Жамшид Ходжаев Кыргызстандын элчиси Муса Жаманбаев менен жолугушуп, анда кыргыз-өзбек кызматташуусунун келечегин талкуулашкан.

“Маалым болгондой, Өзбекстанда бүгүнкү күндө кыргыз капиталынын катышуусунда 291 ишкана иштейт. Тараптар эки өлкөнүн аймактарында даяр текстиль, фармацевтика, курулуш жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча биргелешкен долбоорлордун санын көбөйтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

2022-2025-жылдарга соода-экономикалык кызматташтык жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү программасы, ошондой эле айыл чарба техникаларын жана автоунааларды чыгарууну уюштуруу, дары-дармектерди жүгүртүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу иштелип жатат”, – дейт министрлик.

Ошондой эле жолугушууда тараптар 1 млн 850 миң доллар өлчөмүндө шаардык транспорт тармагындагы долбоорду каржылоону баштаган өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн талкуулашты.

Өзбекстандын министрлиги жип ийрүүчү ишкана түзүү долбоорун каржылоону иштеп чыгуу жана фондду тартуу менен Кыргызстанда травертинди кайра иштетүү долбоорун биргелешип ишке ашыруу боюнча макулдашуу болгонун белгиледи.

Тараптар ошондой эле өнөр жай кооперациясынын жаңы келечектүү биргелешкен долбоорлорун иштеп чыгуу, соода келишимдерин түзүү, эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 10-отурумун жана Бишкекте мамлекет башчыларынын катышуусунда бизнес-форум өткөрүү үчүн Өзбекстандын өкмөттүк делегациясынын сапарын уюштурууну талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн