Эртең Бишкектеги жарманкеде жетимиштей ишкана 3000ден ашуун бош жумуш орундарын сунуштайт

Эртең Бишкектеги жарманкеде жетимиштей ишкана 3000ден ашуун бош жумуш орундарын сунуштайт

Бишкек шаарында бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өтө тургандыгын Эмгек, соцкамсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Жарманке эртең, 18-октябрда саат 10:00-14:00 чейин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Иш-чарада 70-тен ашуун ишкана-мекемелердин өкүлдөрү кесипкөй адистерди издешет жана Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы 3000ден ашуун бош жумуш орундарын сунуштайт.

Мындан сырткары, 10 жогорку окуу жайлары жана 20 кесиптик лицейлер кадрларды даярдоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришет. Иш-чарага катышкан иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен экспресс интервьюларды өткөрөт. Ал эми жогорку класстардын окуучулары ишканалар менен таанышып, кесипке багыт берүү тестинен өтүп, келечекте кесибин жана окуу багытын тандай алышат.

“Ошондой эле белгилүү, ийгиликтүү ишкерлер, ишкана негиздөөчүлөрү, тажрыйбалуу HR адистери жана мотивациялуу ийгилик тажрыйбасы бар спикерлер абитуриенттердин квалификациясын жогорулатуу максатында ар кандай темада мастер-класстарды өткөрүшөт.

Ошондой эле жарандарга жумушка орношууга көмөк көрсөтүү, кесипке үйрөтүү жана иш берүүчү менен алгачкы маектешүү боюнча кеңештер берилет”, – деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чаранын негизги уюштуруучулары – Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы, JIA бизнес ассоциациясы. Кошумча уюштуруучулар – Билим берүү жана илим министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы, Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) “Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү” долбоору.

  • Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү даректерге кайрылса болот: Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын өкүлү, телефон: (755) 14-54-14

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн