Экс-депутат Азамат Арапбаев ӨКМдин тик учагы менен Чаткалга тойго барды - фактчек

Экс-депутат Азамат Арапбаев ӨКМдин тик учагы менен Чаткалга тойго барды - фактчек

“ПолитКлиника” порталынын журналисттери экс-депутат Азамат Арапбаев ӨКМдин тик учагы менен Чаткалга тойго барганын аныктаган фактчек-макаласын жарыялады.

Ийгилик Тургуналиев аттуу Фейсбук колдонуучусу “МЧСке келген  вертолёт жеке кызматтарга (тойлорго) колдонулуп жатканы туура эмес го”  деген билдирүү калтырган. Андагы маалыматка караганда, бул тик учак менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Азамат Арапбаев Чаткалга кайын атасынын тоюна барган. 

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көргөн жана аталган порталдын материалы төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

Flightradar24 учактарды байкоо сервисинин маалыматына караганда, ӨКМдин борт номуру EX-88010 болгон тик учагы 16-октябрда Бишкектен саат 08:34тө чыгып, Чаткал районунун аймагына саат 10:44 чамаларында кирип бараткан. Андан кийин радар маалыматты көрсөтпөй калган. 

ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык 
ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык 

Аталган тик учак кайра ошол эле күнү, саат 18:00 чамаларында Бишкекке келип конгон. 

ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык 
ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул жылдын 13-августунда атайын техникаларды алган. Алардын арасында бир Airbus H-125 үлгүсүндөгү тик учак бар, ага EX-88010 борт номуру ыйгарылган. Президент Садыр Жапаровдун айтымында, бул тик учак издөө, куткаруу жана байкоо иштерине мүмкүнчүлүк түзүп бермек. Демек, Flightradar24 көргөзүп жаткан тик учак ӨКМге тиешелүү экендиги анык. 

ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык 

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, бул тик учак «Еврокоптер Казахстан инжиниринг” компаниясынан 280 млн сомго сатылып алынган.

ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык 

Социалдык тармактагы комментарийлерде Азамат Арапбаев Чаткалга, кайын атасынын тоюна келгендиги айтылууда. Тойго барган коноктор социалдык тармактарда бөлүшкөн видеолордон Арапбаевди да көрүүгө болот.

ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык 
ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык 

Азамат Арапбаев деген ким?

“Тазабек” маалымат порталы 2017-жылы Азамат Арапбаевди Кыргызстандын эң бай адамдарынын катарына киргизген. Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин IV-VI чакырылыштарынын депутаты болгон. Буга чейин Азамат Арапбаев уулуна чоң той берип, коомчулуктун көңүлүн бурдурган эле. Ал тойго америкалык актер Стивен Сигал да келген. 

ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине “Бул тик учак ижарага берилеби?” деген суроо менен кайрылганыбызда, бул боюнча саат 14:00дө боло турган министр Бообек Ажикеевдин маалымат жыйынында тактоого мүмкүн экенин билдирди. 

Жыйынтык: Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берилген тик учак Чаткалга баргандыгы чындык. Бул тик учак менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Азамат Арапбаев барган. 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн